Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
КЕҢЕШ тобу "Бир гана сен"
Жанр:Эстрада
00:03:37
45,65 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2013


Жалгыздайм жанымдан алыс кетсең,
Жалооруп издеймин, эгер сезсең.
Жаныма жашоонун демин берген,
Жалгызым, ишенгин, бир гана сен.
Бир гана сен, бир гана сен.

Жылдыздай жымыңдап эркелесең,
Өзүмдү бактылуу элестетем.
Өмүрдүн ачылган гүлү сымал,
Сүйүүдөн тапканым бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.

Кайырма:
Шам болуп жүрөккө жарык берген,
Жашоонун маңызы бир гана сен.
Жарашып жанымда жандап жүргөн,
Жашоодо жалгызым бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.

Өткөрүп өмүрдү сени менен,
Өзүңө арналып дайым келем.
Өрт болуп жүрөгү күйүп-жанып,
Түбөлүк сүйөрүм бир гана сен.

Бир гана сен, бир гана сен.
  • Currently 4.18/5
(33 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (58)

25.02.2013. 20:51
 baxxa
браааввооооооо сонун
25.02.2013. 21:07
 Altysh_Boldush
Кенеш тобу молодец!!! Сонун болуптур ырда, клипда! Ийгилик силерге !!!!!!!!
25.02.2013. 21:21
 aijanajana_7
Kenew tobu Klip en jogorku dengeelde tartylyptyr! Molodsyyy...... Silerge dagy 4ygarma4ylyk ijgilikterdi kaalaim! Urmatym menen JANKA.
25.02.2013. 21:32
 alymbek76
ушу кантип ыр болсун. эмнеси сонун. обон дегенден эч нерсе жок. куйдургу ырчылар
25.02.2013. 22:05
 aykowa
апей булар турк ырчысы Kenan Dogulu дегендин клипин туурап алышканго))
25.02.2013. 22:10
 fayzi
Жакшы уккулуктуу ырларды жаратышат.+5
25.02.2013. 23:30
 larin
шумдук
26.02.2013. 00:00
 mubina
жакбады мага
26.02.2013. 03:08
 Bayan1982
мага да жакты сонун клип экен
26.02.2013. 06:08
 Arstan
Ун жок. Мааниси жок клип. Ырдын да мааниси жок. Музыкасы жок.Ырга окшобой калыптыр.
26.02.2013. 09:15
 suke12
азаматар дагыда ушундай ырлардан чыгарып журоо бергиле супер ыр болуптур ал еми килипте соз жок супер
26.02.2013. 11:21
 Датка кыз
башталышындагы музаыкасы укмуш го?! Кайсы бир индия киносунукундай го
26.02.2013. 11:30
 Датка кыз
Гулмирасы жок ырдаптыр деп тан калып коруп жатсам, кашайып анысы клиптин так ортосунан чыга калбаспы...
26.02.2013. 13:19
 sisi02
Эптеп эле жаны ыр жаздым клип тарттым деп кутулбай туболуко кала турган ыр жазганга аракет кылыш керек ко дейм ырдын да обону такыр укулугу жок
26.02.2013. 15:35
 Jazmina
Негизи бул топтун ырлары жагат мага,бирок бул ыры анча уккулуктуу болбой калыптыр....
26.02.2013. 20:49
 katya
Жакшы... Клиптин коркун кыз ачыптыр.
27.02.2013. 09:13
 mrbin
elde jok dep katuu suilop alyptyr go baikem
27.02.2013. 15:39
 begim12
Кенеш тобунун ырлары жана клиптери жагат ар бир клиби жылмаю тартуулайт
27.02.2013. 15:40
 begim12
чындыгында клип оригиналдуу
издениш бар молодцы
27.02.2013. 17:18
 Roki
golos bar, klip voopwe sonun yr andan da sonun iwinizderge iigilik egiz kozular
27.02.2013. 21:46
 jyldyz84
клип аябай жакшы экен
27.02.2013. 22:11
 Nuriik
maga kiz ele jakti, obonu takir ele jonokoi, eptep ele digidik-digidik bolup kaliptir ..........
28.02.2013. 01:08
 Bekzat_4200
вааау кыз сулуу экен
28.02.2013. 15:34
 nurizka
Мага ааааааааааааааааааааааааааааябай жагат да "Кенеш" Тобунун ырлары...Рахмат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: