Айгерим Расул кызы "Кайрылбайм"
Жанр:Поп
00:03:33
39,94 Мб
Жүктөлгөн: 26-02-2013


Сен карап көзүмө, айтпа өзүмө,
Жаңылыштык тагдырда, сенде го күнөө?
Сыздап жатсам да, муңга батсам да,
Мен даярмын баары бир сени унутканга.
Таалайым төгүлгөн, танып сен сөзүңдөн,
Бул өмүрдө адаштың, арман өзүңдө.
Жетпей сүйөрсүң, отсуз күйөрсүң,
Алыстадым мен сенден, калды көңүлүм.

Кайырма:
Жүрөгүм жарадар,
Оюмда санаа бар.
Өчүрдүм жүрөктөн,
Өзүңдү карабай.
Сен мени сүйсөң да,
Жалынып күйсөң да.
Кечирим сурасаң да,
Кайрылбайм, кайрылбайм.

Алмашкыс жан болбойт, калдың күйүттө,
Сенден артык сүйгөндөр жүрөт үмүттө.
Мен жүрөгүмдү арнап берейин,
Сенден башка татыктуу сырдуу бирөөгө.
Кош айтам эми, ойлобо мени,
Коштоштук биз, көз жаштын жок го кереги.
Түшүнө албадым сенин сезимиң,
Өмүр бою сагынып жүрөсүң эми.

Кайырам:

Кайрылбайт сага дагы,
Анткени сен татыксыз.
Теңмин деген жигиттерден,
Балким, өзү мен беле.
Тандап бирди арасынан,
Табышмакка сырың чач.
Сен билесиң, мен билемин,
Балким, Айка тандайт мени.

Кайырма:
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (181)

26.02.2013. 12:13
 sauleshka
Ushundai yrchynyn barynan jogu
12.03.2013 00:16
Sagunai
sauleshka, мечтать не вредно...
26.02.2013. 12:20
 JANAYA
Ваааау супер! Клип на уровне! Кыргызская Бритни Спирско озунчо эле. Заманбап тартылыртыр! Бизде мындай клип жок эле жакшы биздикилерди дагы тартыптыр зарубежный клиптерге окшоп калыптыр! Молодец уже другой уровень! Эч кандай шылдынды коргон жокмун наоборот наши тоже могут оказывается. Завидуем молча
26.02.2013. 12:22
 n_g_d
Как вульгарно!!! Аж подташнивает, когда она повзрослеет, вроде милая девочка портит себя
26.02.2013. 12:36
 Poliglot
Кайдагы денгээл? Кыздын ачык кийинип алып, машинанын жанында окшош кыймылдардан турган бийин корсотконун денгээл дейсизби? Сюжет жок, ырдын мааниси будомук, кыздын кийими эки гана жолу алмаштырылган, бийчилери бир эле кийим менен бийлей беришкен. Албетте клип тартуу оор экенин билебиз. Каражат, убакыт жана идея керек экенин да билебиз. Мени туйшолткону эмне учун ушунча эмгек сарптап, сюжети оригиналдуу, мактоого татыктуу клип тартууга болбойт?Дене тузулушко жараша ачык кийингенди да билиш керек
26.02.2013. 12:36
 alhimic
Айгерим абдан акылдуу жароокер кыз деп угуп калабыз, менин оюмча клип абдан жогорку денгээлде тартылган , жаны стиль , ырга соз жок . шоу бизнестеги анча мынча кынкылдап ушак кууган айымдарга караганда Айгерим, кино , бий , ыр жагынан дагы абдан жетишип жатат жаш туруп, колунан келсе башкалар дагы ушинтип эмгек кылышсын, алга Айгерим ! сонун медиа образ болуптур Береке тоже молодцы !:)
26.02.2013. 13:03
 JANAYA
Poliglot клип жогоркуу денгээлде! Эч кандай ачык эмес. Апей дуйно жылдыздары деле бир кийим менен бутуруп койот го клипти сен клип коргон жан белен озу. Клиптин идеясы жакшы, озгочо!
26.02.2013. 13:20
 alik1602
жакпагандарга жакпаса койсун,айгеримдин да куйормандары аябай коп мага жакты молодцы айгерим ишине ийгилик,анан да кайсы бактылуу мырза болду экен болочок жолдошун
26.02.2013. 13:51
 blak.star.kg
без критики эч темке болбойт
26.02.2013. 13:59
 alhimic
ичи куйгондор туз жалагыла :) хе хе хе ушул каршы жазып жаткан ырчылар эле болуш керек ... Айгерим алга - только алга ! колунан келбейт сендей ишитеш башкалардын , келсе духу жетпейт ! шикарный клип молодцы съемочной группа , жаны краска жаны стиль ! Айгеримдин сулуулугуна жана фигурасына соз жок ... красавица ! чыгармачылык бийик чокуларды багындырышына ишенебиз ... супер инфо бул супер клип рахмат сиздерге эксклюзив сонун клип болуптур ! ырдоо манерасы да жакшы болуптур .
26.02.2013. 14:00
 Tagdyr
Кимге кандай? мага супер клип, жакты. Азамат айгерим Ушинтип ар дайым ачылып, чачылып журобер.Эч токтолбо. Ар бир адамды оз эрки да. Бирок сен кудай деген кызсын. Намаз окуйсун, мага ошол сапаттарын жагат. Форма сонун отуруптур, эгер сенин ордунда ушул форманы Кундуз к кызы кийсе шалпайып калмак. Анткени сенин фигуран ага караганда ашка_тойго баргандай.
26.02.2013. 15:09
 Poliglot
JANAYA ар бир адам оз пикирин айтууга укуктуу. Мен бул клипти жактырбасам эле беттен алуу туура эмес. Мен клип тартуу боюнча адис катары сын пикиримди берип жатышым мумкун да. Мындан жакшы клип бар болгондуктан критика сапатын, идеясын, костюм тандоосун онуктурсун деген максатта айтылып жатпайбы. Айгеримди тааныйм, мунозу мыкты, ал жонундо эч нерсе айткан жокмун. Озуно деле ото ачык кийинесин деп айтам. Денгээлин которсун, кобуроок мазмунга басым кылса мыкты болот.
26.02.2013. 15:14
 bakir
Айгерим карындаш супер азамат!
26.02.2013. 15:14
 Jazmina
Айгерим азамат! Мыкты клип болуптур.Форма да сага абдан жарашып калыптыр.Ийгилик!!!
26.02.2013. 15:27
 tatuna
Арыктап калыптыр кичине
26.02.2013. 16:26
 almaz2880
стриптиз шоу
26.02.2013. 16:56
 glamur
форманы карындаш кийбей эле койбопсун эми кандай биздин дос душман корсо айтатта силерди приколдоп салып тыр деп айтат ошол карындаш биздин ишти уят кылыптырсында ай ай
26.02.2013. 17:01
 ulutbek
хахаха крышам жылыб кетейин деди
26.02.2013. 17:08
 Heavy
Лира Даймондго аз калыптыр...
26.02.2013. 18:03
 tumarbek
JARYIA!tez arada mal fermaga suttu kop berchuu uilar alynar;
26.02.2013. 18:05
 Raumaa
үн кана? Секси болгондон башка эч нерсе жок!!!
26.02.2013. 18:46
 Jim
Албетте, Р. кызы сулуу, татынакай, эн сонун фигурасы бар, ырчы кызыбыз, бирок бул клип, орусча айтканда "примитивный" болуп калыптыр. Акчасын аябай эле жакшы режиссер, же толтура профессионал клипмейкелер бар, ошолорго кайрылса болмок экен. Чындыкты айтканда, барынарга эле угулду болуш керек, начар клип эле эмес ырдаган уну дагы кээ бир жерден ото томонку "фальшивка" болуп калган. Ошону Р.кызы озу деле билип туруп, болбой эле коруучулорго тартуулаптыр, бул озунун жеке репутациясын ойлобогондук.
26.02.2013. 18:47
 Papawa
Айгеримди эмне эле жок болуп кетти десе жанылануу жасайын деп жаткан турбайбы! Азаматсын Айгерим клип сонун болуптур ырын да жакшы!!!Алга
26.02.2013. 19:10
 admin_media
Баарыңарга эскертүү!
Бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбей!
26.02.2013. 20:19
 isa1992
жакшы клип да ыр да жакшы болуптур
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: