Эдил Маматов "Күнөө кимде?"
Жанр:Поп
00:04:14
52,85 Мб
Жүктөлгөн: 26-02-2013


Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Кубат Тургумбаевдики

Түйшүгүн тартып жалгандын,
Бастым өзүңсүз жолду.
Сен менен өткөргөн дүйнөмдүн,
Орду толбоду.
Түшүнүп бүтпөй кыйналдым,
Кайрылып келбедиң артка.
Оорутуп сезимди,
Жолуктум айыкпас дартка.

Кайырма:
Билбеймин кимде?
Күнөө кимде?
Айтылбай калган арман кимде?
Аёосуз жазган, баары жалган,
Күнөөсү кимде?

Сезбеген экен жан дүйнөм,
Өзүңдү өзгөдөн сүйгөн.
Жалгызым, сен үчүн албырып,
Жалындап күйгөм.
Түйшөлүп түнгө байланып,
Күйүттүн азабын чектим.
Гүл болуп оролуп кай жакка,
Ким менен кеттиң?

Кайырма:
  • Currently 4.52/5
(33 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (59)

26.02.2013. 15:05
 Evelet
Бул жаны ырчыбы ошондо?
26.02.2013 15:52
capslock
Evelet, Жооок, бул Сагындым айылды жана башка кооп ырлады жазган ырчы. Дайыр, Эльмураттын ырларын жазып берет. Голосу соонун, таланттуу жигит. Болгону коп иштебейт да болбособу Эдиль байкебиз копторду чанында калтырат.
Эдил байке ырыныз мага озгочо жакты, супер!!!!
27.02.2013 22:17
Nuriik
capslock, Daiyrga irlarin jazip bergende koro ozu atkarsa jakshi bolmok, Dayirda voobshe yn jok ko........
26.02.2013 19:02
Papawa
Evelet, Эдил байке жаны чыгып келе жаткан ырчы эмес, ал киши Дайыр Исмадияровтун Сагынба ырынын автору жана коптогон обондорду жараткан!
27.02.2013 00:24
kojo
Papawa, Sagynba degen yrdyn Avtoru Joodarbeshim adashyp jatasyz
27.02.2013 16:34
http
kojo,
Жанылышасыз, "Сагынба" бул Эдилдин ыры, мен жакшы билем
27.02.2013 23:16
kojo
http, Dayirdan surasan kim jazdy ele sozdorun dep?
27.02.2013 23:22
Imran
http, Эдил обонун чыгарган
26.02.2013. 15:27
 Schookum
eeeex sonun ur eken
26.02.2013. 15:46
 Musio
Бул жаны ырчы эмес фирмач ырчы анча мынча ырчыларга ыр жазып берген Жигит!
03.03.2013 22:42
Neba.
5555555+++Модератор admin_media түзөттү 04.03.2013 08:55
26.02.2013. 16:27
 avrora82
Аябай берилип ырдаптыр,уну да соонун экен.
26.02.2013. 17:42
 Асылжан
Мм, акыркы кундору ушул ырчы жагып журот))))
26.02.2013. 19:31
 gulya_93
сонун ыр экен
26.02.2013. 19:59
 elif.bikech
жакшы ыр экен. Суйкумдуу мырза экен.
26.02.2013. 20:24
 GulmirA93
мага аябай жакты сонун ыр экен
26.02.2013. 20:50
 Айпери Сыдыкова
Edil super talanttuu yrchy jana mykty aranjirovshik.Kop ele yrchylardyn yr jagynan bagyn achyp atkan jigit.Meerim menen baktyluu bol,baldaryndyn ubayin kor.
26.02.2013 20:54
capslock
Айпери Сыдыкова,
Аииий да Айпери Эдиль байке уйлонуп алганбы э? Качан? Кимге? Билсениз жазып коюнузчу? Ырчы кыз эмеспи? Жанылыктан арта калгамго:(. Бактылуу болсун!
capslock, Мэри Шакулина.Сонун уй було :)
26.02.2013. 21:04
 dusha
Сыйлык,номинацияларга Эдилге окшогондор татыктуу.Компютердин кучу менен шыбыраган ырчылар алып уят кылбай
26.02.2013. 21:07
 univer
Edil super
27.02.2013. 00:28
 aziz.
мен куткондой ыр болуптур азамат ийгилик!!!
27.02.2013. 09:11
 mrbin
unu sonun,kelechegi aldyda.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: