Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"
05:19
4,87 Мб
Жүктөлгөн: 05-03-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(11 добуш)
Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.

Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.

Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.

Кайырма:

Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

Кайырма:

Комментарийлер (175)

31.12.2013. 00:34
 zhainadamir
Бул ыр менин таанышымдын жашоосунан алынгандай экен,эмнеге эле кааайталап угуп калды деп ойлодум эле...
31.12.2013. 11:31
 akmongy
Талантын оркундой берсин абдан жакшы ыр экен.
08.01.2014. 12:27
 NazNazik
Кудайым ай, гетсен гетчи,эзильбей...
10.01.2014. 21:55
 asil-08
эркектер кааласа кетип кааласа келип эмне силерге аялдар оюнчукпу ойноп ойноп эскиргенде таштап койгудай уйлонгондо ойлонуп уйлонуш керек да
11.01.2014. 16:41
 timur_08
мен сенден кетейинчи еле деп еле кетип калганбы же кеткенден кийин ырдаганбы бул ырын!!!!!!!!!! кетиш кандай кыйын мен кете албай журом кантип кетсем екем....... Гулжигит брат совет берчи.....!?
22.02.2014 23:23
nurik838383
timur_08, кетиш оной, бирок кийин кайра келиш кыйын болуп калат
14.01.2014. 14:50
 fifo4ka
сонун!
02.02.2014. 15:25
 zarlyk2211
аябай жакшы жазылыптыр.
03.02.2014. 02:10
 tingkr
эн жакшы
16.02.2014. 23:00
 Bakyt.92
Админ Ушул ырдын минусовкасы барбы???
17.02.2014 10:17
admin_media
Bakyt.92,
Саламатсызбы! Минустарды колдонуучулар Элдик аудио бөлүмүнө жүктөшөт. Шилтеме: http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
27.02.2014. 22:17
 aisu_91
Ммм суйуп калдым ушул ырды:((((
28.02.2014. 12:46
 Adiko..91
Азамат жакшы ырдайсын маанилуу ырларын коп айрыкча алдандымбы деген ырыныз жакты игилик сизге байке
12.03.2014. 18:20
 finalyear2014
Эң сонун ыр!!!!!!!!
21.03.2014. 21:21
 Aikoo2014
Эн жакшы ыр,ушул ыр менен ооруп калдыым.
27.03.2014. 03:04
 Aike0909
угуп алып жашоого конул келбей калды го ия
09.04.2014. 12:34
 ajara140295
Реалдуу жашоодон алынган ырлар экен.менин 25 жылдык арманымды жарым саатта ырдап койуптур.Гулжигит байке,НЕГЕ деп да ыр жазынызчы,неге деген суроомо жооп издеп таппай келем
09.04.2014. 12:39
 ajara140295
Гулжигит байке сизге ийгилик,ырларынызга рахмат
26.04.2014. 13:29
 dastan_nookat
Ото хит болгон ыр!!!
26.04.2014. 13:31
 dastan_nookat
Браво сизге Гулжигит
13.05.2014. 16:02
 dinumdinum
мага абдан жакты,негизи эле Гулжигиттин ырлары сонун!!!
13.05.2014. 16:11
 dinumdinum
Мен сенден кетейинчи,анан эле кайра Сагынам,сагынам -деп Гулжигит байкенин ырлары ошентип жарала берет тура!!!
06.10.2014 20:23
joni82
dinumdinum, ar bir yr ar kimge arnalat da
18.05.2014. 18:18
 urmat_88-kg
Маныздуу ыр уккулуктуу обон. Гулжигит байке алгалай бер
16.06.2014. 04:57
 ARTUR83
мынча жакшы жазган бул ырды.супер.55555555
09.07.2014. 09:12
 tentewka88
Talantynyzga teren taazim,Guljigit ake!Men sizdi ar daiym koldoim jana syilaim!Aksybyzdy KYRGYZ eline ele emes ,duino juzuno danazalanyz!!!Yrlarynyzdyn baary mn opruim,kancha uksamda tajabaim!

Yrynyzdan jan duinomo kubat alam
Ukpai kalsam kadimkidei kusalanam
Teren maani syrlarynyz kattylgandai
Baarynanda,men siz mn syimyktanam!!!!!

Alga !Alga !Alga! Guljigit ake!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!Algaaaa!!!!!!!!!!!!!!!!!
06.10.2014. 20:20
 joni82
guljigit alga myndai sozdu tapkan adamga yrahmat adamdyn bashynan kop ototurgan nerse
03.12.2014. 16:12
 Mirel
Чыгармачыл ийгилик.Гулжигит Сатыбеков,дагы ушундай жакшы ырларды чыгара бер...
21.12.2014. 09:41
 burulu
мага аябай жагат ушул ыр
05.03.2015. 20:51
 malika79
сонун ыр
29.07.2016. 00:37
 Balnyr
Саламатсыздарбы супер админ ушул ырдын акардеон менен ырдаган версиясын жуктоп койгулачы сураныч
29.07.2016 11:21
admin_media
Balnyr,
Саламатсызбы! Азырынча ушул эле версиясы бар, сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
21.05.2017. 17:33
 Pandora
Мен да кете албай журом озумду озум жеп,же ал кете албай бир бирибизге айта албай ич ичибизден эзилип жле жургон кезим
31.10.2019. 02:18
 jordani
Руки вверх групаасын " Уходи если хочешь" ырынын сөздөрүн жана бир аз манисин кыргызга ылайык кылып которуп алгандай))) Бирок ыр сонун .
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо