Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"
05:19
4,87 Мб
Жүктөлгөн: 05-03-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(11 добуш)
Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.

Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.

Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.

Кайырма:

Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

Кайырма:

Комментарийлер (175)

07.04.2013. 18:14
 ismail
Жүрөктүн түпкүрүнөн орун алган мыкты чыгарма экен. Ушу жүрүштөн жазбаңыз, дагы да болсо соонун ырларды күтөбүз.
07.04.2013. 18:39
 4aidai
Molodes! Jurogum ezilip ketti
07.04.2013. 23:38
 ashat_neo
эх байке ыр супер журоктор эзилип кеттиго кантсе да Аксылыкбыз ээээ алга алга алга байке биз сиз менен дайыма
08.04.2013. 22:01
 asylka
молодец Гулжигит байке талантыныз ашып таша берсин!!!
08.04.2013. 22:27
 SsKk
jak6y yr eken,
10.04.2013. 22:32
 gulnara74.74
неге ошончолук конулу калды экен жакшы ыр экен
10.04.2013. 23:14
 Agusha
бул жашооо кандай гана таттаал,бироого зар бироого кор,бирин экинчиси суйсо экинчиси башкасын эх махабат сен мундуу бир сынсын ал сынга жеткени жашоодон ырахат алат жетбегени азапка батат.Жакшы ыр экен Гулжигит сиз да бакытка жетиниз ийгилик!
12.04.2013. 01:11
 zhetimishbaev
super
13.04.2013. 00:32
 dosbol
жакшы экен Гулжигит байке ийгилик мага жакты
13.04.2013. 12:22
 AltinayAltinay
jakshi ir eken,maanisida teren eken azamatsiz!
13.04.2013. 15:50
 senchi
талантынызга дагы бир ирет таазим, Гулжигит мырза!!!
13.04.2013. 16:54
 nurizka
Абдан маанилуу ыр эке!!!
13.04.2013. 20:26
 make87
охоо жакшы ыр экен!!! супер инфо рахматик силерге да.клип качааааааааан Гулжигит?
14.04.2013. 17:21
 toichubek1984
жакшы ырдаптыр жакты
15.04.2013. 00:54
 mega777
Чынында койо берчи кетейинчи,сени да озумду да эзбейинчи,бир гана жаралабыз бул жашоого,гулгун жаш омурумду жебейинчи,раазымын эки дуйно мен озуно,кыйнаба,койо берчи кетейинчи...тун бойу тогулгон коз жашка убал,кууратпай койо берчи кетейинчи...((((((((((
15.04.2013. 10:33
 mega777
Ырдын созун окуп козумо жаш алдым негедир ушул саптар тогулуп кетти...
16.04.2013. 21:27
 men_aman
суперрр соз жок просто супперрр !!!
17.04.2013. 23:05
 nurbaKG
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

19.04.2013. 15:22
 golden_boy_KG
ващпе сонунго ейо
23.04.2013. 23:23
 beka88
ото сонун ыр ийгилик брат,mа4аk мукурдан жолугабыз да,
28.04.2013. 00:09
 A_y_86
Бул ыр Токтобубу Чирикчиеванын ырына окшошко же ошону эле бурмалап алган эмеспи . . . . . .
29.04.2013 22:17
noeli
A_y_86, токтобубу черикчиеванын кайсы ырына окшош?эгер билсениз тагыраак а билбесениз такыр айтпаныз.
29.04.2013. 12:56
 salamatka
En soonun 4ygarma,yr dep uwunu aitsa bolot,azamatsyz,emi klip tarttyrynyz.
29.04.2013. 16:46
 Nurik_UFC
ушундай ырлардан чыгарса болот озу анан эле кееде тико-тико дегенде олдуу дейсин
30.04.2013. 22:22
 MEDYA_87
molodec Guljigit!!! aldyga umtulup orkundop oso ber!
02.05.2013. 12:23
 nazis
бир тамчы коз жашыма арзыбадын деген ыры эле жакчу азыр бул ыр да жакты а тико макьа деген ырларды укканда мен да олду дегем
02.05.2013. 12:28
 nazis
создорун менин жашоомдон алып ырга салып койгондой.ар бир сабын уккан сайын коздон жаш куюлат
03.05.2013. 13:52
 eli_00
ото сонун ыр экен уккан сайын угатурган ырго супер!!!
29.05.2013 16:42
timan86
eli_00 оба уккан сайын уккун келет жакшы ыр
03.05.2013. 16:32
 Guli.kg.90
Гулжигиттин баардык ырлары жагатда.
05.05.2013. 00:48
 admin_media
nurchik-92- эскертүү!
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз жашырылды.
06.05.2013. 11:21
 Gupa
Сөзү менен обону төп келип калганбы, билбейм, айтор, жакты мага...
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо