Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"
05:19
4,87 Мб
Жүктөлгөн: 05-03-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(11 добуш)
Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.

Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.

Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.

Кайырма:

Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

Кайырма:

Комментарийлер (175)

06.03.2013. 21:22
 kubaziza
жакшы ыр экен
06.03.2013. 21:47
 MarselKGZ87
жакшы ыр экен ээ Марс
07.03.2013. 10:17
 best-life
эхххх суйуу темасына байланыштуу нерселерди жакшыы ачып берет, бул ырчы кара создун да чебери экен, сыртынан андай деп ойлогон эмесмин. Суйлогон созу ордунда жана мааниси менен суйлоп, оз ордун билеген ырчы, уважаю брат.
09.03.2013. 01:42
 omurzak
сонун
10.03.2013. 01:21
 rnurzida
как всегда сонун ыр журогу ырга толгонго бул байкенин,ийгилик сизге
10.03.2013. 17:07
 abdiev
керемет ыр экен
11.03.2013. 11:20
 akrosa
бир адамды суйсон ал сени суйбосо кандай кыйын болот суйгон байкуш эмне деген азаптарды корот озу суйуу ушундай болсо керек
12.03.2013. 22:52
 k-rollan
Жаман эмес ийгилик каалайм
12.03.2013. 23:47
 AnVaR_KG
Кереметт го.. е жан дуйнонду сергиткен, мыкты ыр экен..Класс!!!
14.03.2013. 11:10
 tagokg
мурдагы аялына чыгарган ыры окшойт. орто ыр. Бакыт издейм деген ыры жагат мага.
14.03.2013. 12:33
 online
kaigyluu yrlardy, jakwy 4ygarat ozu. Ozun ozu jei beret, ozu aitkandai.
14.03.2013. 13:59
 aman80-11
молодец брат
14.03.2013. 16:23
 TGA
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи
15.03.2013. 00:23
 ma4ak
оооо азаматсыз Гулжигит аке Аксыдан корушобуз эми буйруса. ийгилик жана ийгилик каалайм.
15.03.2013. 11:37
 guljaz
Сонун ыр экен,жакты мага
16.03.2013. 21:36
 bakay93ka
ого сонунго
17.03.2013. 10:34
 minazh
Соонун ыр!
17.03.2013. 22:22
 Ula672112
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи, Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.
Жашоомдо эн жаккан ыр ушул болду! Азаматсын!
20.03.2013. 01:54
 belka.kg
азаматсыз сонун ыр экен.
23.03.2013. 13:17
 guen
вообще супер!!!
26.03.2013. 10:41
 aman-86
соз жок ийгилик брат
30.03.2013. 00:03
 Janym_ata_enem
Суранамын мумкун болушунча ушул ырынызга клип тартынызчы.
01.07.2013 17:56
nur.kg.ak
Janym_ata_enem,
жакшы болмок клип тартканда. мен да суранат элес. чыныгы турмуштан алынган нерсени жазыптыр.
30.03.2013. 11:53
 mikasso
супееер!!!!
01.04.2013. 00:36
 manchester
сонун ыр !!!!!!!!!!!!!!!!!!!
04.04.2013. 11:58
 luna.kg
Кудум менин тагдырым учун жазылгандай.
10.04.2013 18:32
luna.kg
luna.kg,
04.04.2013. 16:22
 timan86
кайра кайгылуу ырга оттунбу брат шанду ырларын жакшы чыкты эле
04.04.2013. 23:31
 sila
соонун ыр экен уккандан тажабайт экенсин.
05.04.2013. 15:30
 Bektur92
Ак суйуу адамды адам кылган,азапка салып кээде сагындырган,,,Ак суйуу туболуко очбогон шам,ал шамдын жарыгынан жашоо уланган... Суйууну деп нечен адам акын болот...супер ыр экен!!!
05.04.2013. 21:25
 ruslan_92kg
акыры таптым
06.04.2013. 23:43
 dudu
азаматсын,талантына таазим
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо