Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"
05:19
4,87 Мб
Жүктөлгөн: 05-03-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(11 добуш)
Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.

Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.

Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.

Кайырма:

Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

Кайырма:

Комментарийлер (175)

05.03.2013. 16:35
 SatiNur
Эххх журокту эзет го ойго салып...
05.03.2013. 16:46
 Samarbek1
жакшы ыр экен негедир

05.03.2013. 17:32
 fayzi
акыркы Ырлары кайрадан вальс болуп бара жатат.сизге шандуу ырдаган кобурок жарашат экен.
Ыр жакты.+5
05.03.2013. 18:08
 ulutbek
мыкты ыр
05.03.2013. 18:12
 ulutbek
ушул баланын ырдоо стили жана уну Бектикине окшоп кетеда бир жактан
05.03.2013. 19:09
 aiba1992
супер жакшы ыр екен журокту езген
05.03.2013. 20:35
 Nurik555
сонун ыр!!! сизге 5555555555555555
05.03.2013. 21:42
 diku.bek
жакшы ыр екен!молодец
05.03.2013. 23:25
 sauleshka
Soonun yr eken.Chygarmachylyk iigilik.
06.03.2013. 02:23
 anjella8888
Гетейинчи гетейинчи деп эле бутуп калдыго. Гетебер деп койгулачы))
06.03.2013. 14:05
 zarifa_love
туну мн уксам да уккум келет .сага 5555 гулжигит
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо