Данияр Эрматов "Токто, жаным (new version)"
03:43
8,48 Мб
Жүктөлгөн: 29-10-2013

Бул ыр казак ырчысы Кайсар Кукишов менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.79/5
(19 добуш)
Айтылбай дагы сөзүм калды,
Жашырып сенден сырды кантип сактаймын?
Тоготпой кете бердиң, артка кылчайбай,
Сенден мен ажырасам кантип жашаймын?

Кайырма:

Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм,
Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм.
Суранам дагы бир келчи кайра мага,
Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана.

Кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын,
Түшүндүм болгон сөздүн баары жалганын.
Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум,
Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашаймын?
Кубанычка бөлөп сенин көөнүң алайын,
Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын.
Ишенгенсиң, дагы ишен менин сүйүүмө,
Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын.

Кайырма:

Сенсиз өтөт жашоом кызыксыз,
Мээримиң төкчү жүрөк жылытып,
Жаз кетип, күз да келди, кайдасың?..

Комментарийлер (26)

29.10.2013. 18:07
 ayakosya
Дует кылгандан башка коп деле озгочолук кошпоптур го.
29.10.2013. 18:30
 Jakusya
Бул дагы жаш ырчы учун жакшы жетишкендик да, азамат Данияр, ийгилик каалайым.
29.10.2013. 19:08
 moscov2013
Эми эмне дейбиз.эл катары эле жакшы.
29.10.2013. 19:13
 Baichechekei2011
Azamat Daniar! Jakshy yrlardan ushul yryn! Oshon uchun kasaktar dagy jantaayshyp yrdap jurushot ushul yryndy. Nachar yr bolso andai bolmok emes. Ijgilik! Sen jashsyn inim! Dagy dagy ijgilikterdi kaalaim! Bul yr kyrgys-kasakcha boluptur. Kakender kachan bolso ele bisge jabyshyshat antkeni bisdin yrchylar talanttuu!
29.10.2013. 19:32
 Esenturov
Жакшы дует елдин бары кыргыз-казак болуп ырдай бербейт сонун ыр ийгилик!
29.10.2013. 21:15
 warrior96
bitke bitke jakwy!!!
29.10.2013. 22:24
 don.kg
OK!
29.10.2013. 23:49
 milliarder
Norm.
30.10.2013. 00:22
 fanatkakg
Соонун чыгыптыр мага аябай жакты
30.10.2013. 11:06
 ebe
супер ыр, супер голос, супер дуэт!
30.10.2013. 21:55
 rus9203
Ммм жакшы эле бирок дагы башка ырчылар ырдап чыкпаса болду
30.10.2013. 23:18
 afina.aman
Талантына тазим жакшы чыгыптыр алга демекчимин
01.11.2013. 22:31
 Aygerim_tls
Уну абдан жакты!
01.11.2013. 22:34
 Aygerim_tls
Кыргыз-казак тилинин окшоштугун кара
02.11.2013. 03:11
 Puwkin
жакшы чыгыптыр мага жакты
05.11.2013. 01:41
 Ima12
мыкты ыр болуптур.
06.11.2013. 08:59
 Rolankgb
Жакшы ырдашыптыр алга Дони иним
06.11.2013. 14:03
 KubaToV
бул деген хит ырда! Супер
06.11.2013. 20:02
 Begai_kg
сонун ыр экен Кайсарбы э аты жактты
15.11.2013. 15:47
 orxidea10
жакшы ырдашыптыр. дует лучше
20.11.2013. 23:38
 КОЛЮЧКА
Жагат мага ушул ыр :) Машинада кетип бара жатканда "на полную" коюп алсаң кайф гой :)
23.01.2015. 14:06
 nurgazy.kgz
Казак боордошторубуз менен ырдаптыр эң сонун!
29.05.2015. 19:06
 eldar96
чынында биринчи вариантында берилип ырдаптыр а мунусунда анча эместей сезилди мага
27.09.2015. 00:00
 umDai
Daniyar, jivoy ukkum kelet menin))
10.12.2015. 06:47
 5685baha
Кыргыздар ушундай бирөөгө сын такканы жакшы көрөбүз сөзсүз жаман жагын таап турабыз.озубуз ушинтип ырдай албаган сон жон гана угуп коёлу жаман десек эле ырдабай коюшбайт айтаарым жакшы сөз деле жаманы деле бир жерден чыгат.
03.08.2016. 05:45
 mergul
Супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо