Кенже Дүйшеева "Жалгызым"
03:21
3,07 Мб
Жүктөлгөн: 29-10-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 2.00/5
(1 добуш)
Сенин жарык жүзүңө кумарланам ар дайым,
Жан эргиткен сөзүңө жадырасын маанайым.
Сен жүргөндө жанымда сыр айтып чечилемин,
Келчи бүгүн жаныма, бардыгын кечиремин.

Кайырма:
Кел, арманым менин,
Кел, ардагым менин.
Кел, алтыным менин,
Келчи жаныма.
Кел, арманым менин,
Кел, ардагым менин.
Кел, алтыным менин,
Келчи, кел мага.

Балдай ширин сөзүңө үмүтүмдү жалгаймын,
Үлбүрөгөн жибектей көңүлүңдү табайын.
Катуу айтсам кечиргин, аруулансын тилегим,
Керек болсо ал, мына сага тартуу жүрөгүм.

Кайырма:

Сенин жарык жүзүңө кумарланам ар дайым,
Жан эргиткен сөзүңө жадырасын маанайым.
Сен жүргөндө жанымда сыр айтып чечилемин,
Келчи, келчи сен мага, бардыгын кечиремин.

Кайырма:



Комментарийлер (7)

04.11.2013. 15:14
 Samarays
Казак ыры
07.04.2014. 13:44
 Almaz-Dinar
Супер Инфо Кенже Дуйшееванын концертиндеги жаны ырларын жуктоп койунуздарчы
07.04.2014 14:37
admin_media
Almaz-Dinar,
Саламатсызбы! Жакында жүктөлөт, түшүнүү менен кабыл алып, күтө турасыз деген ойдобуз.
20.07.2014. 03:10
 Alihs9999
Концертинде куйоосуно арнап ырдаган ырын жуктоп койосуздарбы
11.10.2014. 15:44
 orhideya26
Куйоосуно арналган ырын качан кошосуздар
22.06.2016. 18:50
 Saraconnor
Кызы менен ырдаганы жокпу мында? Кайдан уксак болот?
24.06.2016 18:21
admin_media
Saraconnor,
Саламатсызбы! Жакында жүктөлөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо