Сыймык Бейшекеев "Сага"
04:36
8,43 Мб
Жүктөлгөн: 17-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.84/5
(19 добуш)
Алыстан келсем сага кусаланып,
Айылымдан кетиптирсиң узап алыс.
Арнаган гүлдүн сага бариктери,
Алдымда турду түшүп ушаланып.

Кайырма:
Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып,
Жоругуңду жазчу элем айдан алып.
Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин,
Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып.

Артыңдан барсам издеп кабар алып,
Алдымдан чыктың капыс балаңды алып.
Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп,
Амандык сурашканга жарабадык.

Кайырма:

Жол жок эми өзүмдү куткарууга,
Жакшы болбойт турмушуң бузганымда.
Жооткотуп өзүмдү койдум алдап,
Жолдошуңду жакшы деп укканымда.

Кайырма:

Комментарийлер (16)

18.01.2014. 00:33
 mirza
Оо рахмат админ.
18.01.2014. 12:01
 jek87_87
Мага аябай жагат ушул ыр. Издеп журдум эле. Рахмат админ.
19.01.2014. 01:19
 mirza
Ред жамаат Мухаммед Осмоновдун "Абактагы арман" аттуу ырын да жүктөп коюңуздарчы.
19.01.2014. 19:22
 Aijamal13
абдан уккулукту ыр экен азаматсыз Сыймык байке.
19.01.2014. 21:00
 r-clan
супер ыр
19.01.2014. 21:21
 Sharipa-asia
Талантынызга таазим
20.01.2014. 16:48
 Jiza
сонун экен!
26.01.2014. 23:15
 bektashova_ayzada
"Күзгү нөшөр" деген ырын кайдан тапсам болот?
27.01.2014 09:44
capslock
bektashova_ayzada,
Ссылка:
http://www.super.kg/media/audio/87007/
03.02.2014. 02:29
 bambucha
Текстин жазбайлыбы туугандар
03.02.2014. 15:10
 lily27
Ушул ырдын тестин жазып койгулачы супер сураныч
08.02.2014. 23:13
 ulanamirbekov
саламатсыздарбы, сыймык бейшекеевдин тамчы деген ырын жуктоп коюнуздарчы сураныч
09.02.2014 17:26
admin_media
ulanamirbekov,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
17.02.2014. 20:05
 stal.k.0203
рахмат.клипи да ыры да жакшы экен чыгармачылыгызга ийгилик!
30.03.2014. 12:38
 dastan_nookat
Кундо угам менин апам дагы абдан жакшы корот!сонун
19.03.2018. 18:31
 mirlan_kdm
Жол боюнда ыйлаарын билбептирмин,
Жоолугунду кыйшайтып байлап алып.

Бах бах бах ыр эмес бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо