Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Акбар Сүйүнбаев "Айыл кечи"
03:20
7,63 Мб
Жүктөлгөн: 30-01-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Күн шооласын жерге чачып,
Айылымдын шаңын ачып.
Достор менен жолугушсам,
Кайгы-капа кетет качып.

Өтө тунук суулар агат,
Шылдыр үндүү обон салат.
Жылдыз толсо көк асманга,
Жымыңдашып күйүп-жанат.

Кайырма:
Айыл кечи керемет,
Ак булуттан тунук жамгыр себелеп.
Айыл кечи керемет,
Бейпил жашоо булагы тереңдеп.

Көчө бойлоп күлүп-жайнап,
Кыздар өтөт кылыктанып.
Гүл бакчада булбул сайрап,
Айылымдын көркүн ачып.

Күүгүм кирсе айланага,
Көчө карап кайра-кайра.
Кыздар күтөт жигиттерин,
Кубанычы жетип айга.

Кайырма:

Термелгенде бак-дарактар,
Теребелди козгоп салат.
Жалындаган биздин жашта,
Алоолонуп күйүп-жанат.

Табигаттын атыр жыттуу,
Абасына моокум канбай.
Айылымдын сулуулугу,
Карай берем көзүм талбай.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

02.02.2014. 18:56
 erkekyz22
Супер инфо чоон рахмат) Силер Суперсинер) Текстинда жазып койсонор эн сонун болмок)
03.02.2014 16:20
admin_media
erkekyz22,
Саламатсызбы! Жазып койдук :)
Комментарийлерди жашыруу
11.02.2014 20:05
amanat39
admin_media, Akbar, menen Tawkent kyzy gyldun yryn kirgiziniz4i surany44!
11.02.2014 20:18
admin_media
amanat39,
Саламатсызбы! Тилекке каршы ал ыр азырынча автордун өзүндө жок экен.
03.02.2014. 01:57
 oimo_kg
sonun yr eken
05.02.2014. 15:50
 manas_2525
Супер инфооооо рахмааааат чон ! издеп жургонумду таптым!
12.05.2014. 23:41
 erkekyz22
Супер Инфо сураныч "Апапак жолук салынып Амандык тилеп жалынып Алыстан кызым келет деп Апакем журот сагынып".ушул ырды жуктоп коёсуздарбы?
13.05.2014 13:29
admin_superstan
erkekyz22, бул ырды Роза Шакирова ырдайт:
http://www.super.kg/media/audio/51591/
Комментарийлерди жашыруу
13.05.2014 18:21
erkekyz22
admin_superstan, Чоон рахмат Супер инфо))) Текстинда жазып коесуздарбы сураныч. Алдын ала рахмат)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо