Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Акбар Сүйүнбаев "Махабат деми"
03:39
8,36 Мб
Жүктөлгөн: 03-02-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 1.50/5
(2 добуш)
Дүйнөдө ыйык махабат,
Жете албай жүрөм төрүнө.
Өзүңдөн мээримиң самап,
Сүйүп жашайм мен өмүрдө.

Жан дүйнөм жетелейт сага,
Жолугуп, күндөрдү самап.
Сүйүүмдү кайталап айтып,
Үмүтүм өзүңө барат.

Жүрөктү терең уялап,
Жүрөсүң табылгыс жандай.
Жамалыңдын нуру тамат,
Асмандагы айдай...

Кайырма:
Ал менин махабатым,
Жүрөгүмдү ээлеген ашыктык деми менен.
Ал менин махабатым,
Үзүлбөс үмүт менен жалгыз сен деп жашап келем.

Жылдыздай жанып асманда,
Жүрөктү салып арманга.
Кусага толуп сезимим,
Жашаймын сен деп жалганда.

Жарыгым сенсиң, ардагым,
Жалының сыйкыр өңдөнүп.
Жашоонун муңун-азабын,
Жаркыным, бирге бөлөлү.
Тумарым болчу өчпөгөн,
Туу болуп жүрөк төрүндө.
Максатым сенсиң көздөгөн,
Жалындуу өмүрдө.

Кайырма:

Комментарийлер (1)

07.02.2014. 01:33
 oimo_kg
eeh uwul yrlardi jata kalip ukchu elek
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо