Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Ирлан Таалайбеков "Сагыныч"
03:04
7,01 Мб
Жүктөлгөн: 04-02-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Көрдүм сени бир кечеден, ай жүзүңдөн турду нурлар төгүлүп,
Көз карашың жүрөгүмдү ээлеп алды, ойлор сага бөлүнүп.
Кереметтүү келбетиңе калдым окшойт күтүүсүздөн арбалып,
Карындашым, кайда кеттиң, чокко салдың көзүмө бир көрүнүп.

Кайырма:
Сезимдер жанып чырактай,
Сагыныч эзет чыдатпай.
Сүйүүнүн шарты ушулбу?
Сүйгөнгө жетет чыдамкай.
Сагынып сени күн өттү,
Сагыныч мени жүдөттү.
Сыздатпа, сенден суранам,
Сагыныч толгон жүрөктү.
Сагындым, сагындым, жаным,
Жылдыздай жанган жамалың.
Сен айтсаңчы, жаным,
Жашырбай, кайда кабарың?

Көп издедим көздөрүңдү тынчтык бербей, бүлүк салган көңүлгө,
Кайталангыс сезим берип жаралгансың мен үчүн бул өмүргө.
Көздөрүмдү жолго кадап күтүп жүрөм, нурдуу селким, мен сени,
Карааныңды таба албадым, сендей сулуу бар бекен бул дүйнөдө?

Кайырма:

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо