Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Ирлан Таалайбеков "Мейли, тагдыр..."
03:17
3,75 Мб
Жүктөлгөн: 05-02-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Маматибрагим Бостонкуловдуку
Обону:Маматибрагим Бостонкуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.83/5
(12 добуш)
Мейли, тагдыр, мага башың ийбегин,
Мейли, тагдыр, камыр кылып ийлегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабайм, ай,
Аска-зоодой ата-энеме тийбегин.

Мейли, тагдыр, бакытымды бербегин,
Байлыгыңды маңдайыма илбегин.
Бул жашоодо мага артык байлык жок, ий,
Медер туткан балдарыма тийбегин.

Мейли, тагдыр, сыйлыгыңды бербегин,
Маңдай жарып мага жарык тийбегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабайм, ай,
Ынтымактуу бир тууганга тийбегин.

Бул жашоодо турсун дайым күн чыгып, ий,
Жалгыз гана ак сүйүүмө тийбегин.
Жалгыз гана жубайыма тийбегин,
Мен өзүмө башка нерсе сурабайм, ай,
Түбөлүктүү досторума тийбегин.
Бир туугандай досторума тийбегин,
Аска-зоодой ата-энеме тийбегин.

Комментарийлер (22)

05.02.2014. 12:36
 Laden
Сөзүн жазып койосуздарбы.Рахмат!
05.02.2014 13:12
admin_media
Laden,
Саламатсызбы! Жазып койдук, эми кошулуп ырдай берсеңиз болот:)
05.02.2014. 13:42
 Ott
сөзү Гүлсайра Момунованыкы )
05.02.2014. 19:01
 jigitaly
Жакшы ырдаптыр азаматсын
06.02.2014. 03:14
 mikasso
керемет
06.02.2014. 03:51
 nursu93
жакшы ырдаптыр
06.02.2014. 18:24
 suyor
чето тузу бираз аз
06.02.2014. 19:52
 bekishova
Созу Сонунбу Кадырованыкы го
07.02.2014. 00:15
 Aijamal1985
Бул ырды Саламат Садыкова жеткиликтуу ырдайт.
07.02.2014. 02:35
 rnurzida
Саламат Садыковадай эч ким ырдай албайт. Бирок Ирлан да жакшы аткарыптыр.
07.02.2014. 04:56
 nurperishka05
урматтуу админ мага турналар учат кеч куздо канатын жайып асманга анан эстей жур мени берметиииимкайырмасында сагынба мени сагынба деген саптары бар ырды таап бере аласыздарбы
07.02.2014 10:06
admin_media
nurperishka05,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/71893/
07.02.2014. 22:51
 nurperishka05
чоооон рахмат сиздерге админ медиа
19.02.2014. 12:47
 admin_media
Atamdynkyzymyn,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
28.09.2017 13:34
Mairambekovich47
admin_media, сураныч ушул ырдын минусовкасын кочуруп коёсузбу,рахмат
21.02.2014. 22:20
 kelechekbizdiki
Азамат!
14.05.2014. 20:43
 Mukay
Өзгөртүп ырдаганбы? Же обонун өзөрткөнбү айтор таптакыр эле жакпады.
Садыкова ырдасын да таңгөрү бул ырды.
01.09.2014. 13:12
 Aitmatov
Сонун ырдаптырыз. Менин боломда :-?
01.09.2014. 14:31
 Aipri
Уну жакшы.
04.11.2014. 20:18
 Krossmen
Мен өзүмө башка нерсе сурабайм, ай,
Түбөлүктүү досторума тийбегин.
Бир туугандай досторума тийбегин,
Аска-зоодой ата-энеме тийбегин.
Эххх кандай гана салмактуу соз э ырды жараткан адамга рахмат!
06.02.2015. 09:13
 Zamknutaya92
мааниси терен жакшы ыр. Укканымда таасирленгенмин.
06.03.2015. 03:03
 nurjandavletbaeva
Созу обону кимге таандык ушул ырдын? Жазып койгулачы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо