Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:38
3,33 Мб
Жүктөлгөн: 16-02-2010
Сөзү:Г.Садыбакасованыкы
Обону:А.Мамадалиевдики
Көчүрүү
Сүйүүдөн тапкан белегим,
Сүйөнөр тоом, жөлөгүм.
Нур болуп кирдиң сен үйүмө,
Көксөгөн үмүт-тилегим.
Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.
Шылдырап аккан булагым,
Жаныма эрмек ынагым.
Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп,
Сагынып гана турамын.
Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.
Каткырсаң балкып кетемин,
Асманга учуп жетемин.
Булуттай болгон жүрөгүм,
Садагаң болуп кетейин.
Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.
Комментарийлер (28)