Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Алихан "Балалык"
03:12
7,37 Мб
Жүктөлгөн: 12-02-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(3 добуш)
Билбепмин мен мезгилге багынарым,
Билбепмин балалыкты сагынарым.
Билинбей өткөн күнгө куштар болуп,
Билбепмин өмүр суудай,
Билбепмин жашоо суудай агыларын.

Кайырма:
Азгырчы мени балалык,
Алоолоп оттой жаналык.
Сезилбей өткөн күндөргө,
Сезимди козгоп алалык.
Жылга жыл кошуп жанашып,
Жылдыздай учтуң каратып.
Жылуулук берип өмүргө,
Жылт этип кеттиң адашып, балалык.

Учкан куш өмүр сени жазгыралбай,
Убакыт неге койдуң жай кыла албай?
Үшкүрүп олтурамын аргам жоктой,
Уурдалган өткөн күндү,
Уурдалган балалыкты кайрый албай.

Кайырма:

Комментарийлер (1)

13.02.2014. 18:38
 hanshekir
Сөзү менин айылдашым Таалай Ормоновдуку экен. Алихан өзү дагы. Бул Таалай байке Нуриза Абазованын кайын иниси. Өркүндөй бергиле биздин айылдын таланттуулары.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо