Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
04:19
3,95 Мб
Жүктөлгөн: 20-02-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
Ээрчишип экөөбүз жаздагы таңда,
Чачтарың сеңселип жазгы шамалга.
Жылмайган жүзүңдөн жылдыз жанганда,
Сага ашык болгонумду ыйлап эңседим.
Сенден алыс жалгыздыктан азап тартканда,
Майда, майда басканыңды ыйлап эстедим.
Кайырма:
Эстедим, эстедим
Сагынып сени эстедим.
Эстедим, эстедим
Сагынып сени эстедим.
Күн өтүп, ай өтүп, алмашты жылдар,
Жылдардын арасында кайгы-муңу бар.
Ортобузга нөшөрлөп жааган аппак кар,
Жазды эңсеп ыйлаарыңды жаным эстедим.
Кусалыкта жанчыламын сыздап муңкана
Башкага жар болгонуңду ыйлап эстедим.
Кайырма:
Элестеп ар дайым ошол сезимди,
От болуп удургуйт назик көңүлдө.
Жүрөктө айыкпаган арман, кайгылар,
Ал бактылуу күндөрүмдү сыздап эстедим.
Сынды сүйүү күзгүлөрү, сынды махабат,
Жараланган жүрөгүмдү тыңшап эстедим.
Кайырма:
Комментарийлер (6)