Асель Кадырбекова, Нурлан Насип "Жакшы көрөм түбөлүк"
03:45
8,55 Мб
Жүктөлгөн: 13-03-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.58/5
(12 добуш)
Күлсөң эгер назарыңдан,
Күн шооласы чачылат.
Күлмүңдөгөн ажарыңдан,
Көңүл чери жазылат.

Карегиңде бир сырың бар катылган,
Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган.

Кайырма:
Селкинчек сезимдерге күүлөнүп,
Сейил куруп жүрөлүк.
Сырымды ачык айтсам жашырбай,
Сага сүйүүм түбөлүк.
Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп,
Жанашып биз жүрөлүк.
Жан дүйнөм ашыктыкка берилип,
Жакшы көрөм түбөлүк.

Жылытасың илебиңе,
Жалындаган от сындуу.
Жакындашып тилегиме,
Жаштыкка нур коштуңбу?

Бийиктеги махабат жылдызымды,
Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?

Кайырма:

Комментарийлер (71)

14.03.2014. 10:35
 burka
оххххо сонун чыгыптыр молодцы!!! нурлан молодец ийгилик сага эч качан жамандык корбочу. бирок асель эч кимге жакпай эле койду да
14.03.2014 20:13
aizadaxan
burka, иии жаман болупсунго Асел эже кундошун окшойт. Сенен коро кобуно жакса керек эжебизди Кыргызстан тааныйт сени ким тааныйт экен Озуну сезип кыйын болуп жазгандар жакпайт мх.. Ырга соз жок жакпагандар тилинерди мурдунуздарга тийгизип отура бергиле
14.03.2014. 11:54
 tokio1991
азаматсынар жакшы ыр болуптур менин ырларымдай ийгилик !
14.03.2014 20:21
aizadaxan
tokio1991, Сен кимсин озу?0_о
14.03.2014. 13:26
 Chynara3
Сонун!Суйом сени туболук най най...
эконуздорго ийгилик!
14.03.2014. 15:40
 barky312
жакшы, жаман эмес. ийгилик
14.03.2014. 16:09
 oooald
кыз жигит кылып жиберипсинерго ... башкалары ырдаса деле ушундай болмок ыр катардагы ырлардан
04.09.2014 04:33
sezimai93
oooald, кыз жигит кылбайле экоону болуп койгонгоо
14.03.2014. 16:11
 osor
Абдан жакты
14.03.2014. 19:38
 indira.1991
Аселдин голосу угулбай калыптырго
14.03.2014. 21:52
 ermek1994kg
Ырынарга соз жок Нурлан ушунундан жазба.
15.03.2014. 12:44
 altynai98
ваааау сонун ыр болуптур!ийгилик сиздерге!
15.03.2014. 17:35
 mamyt_92
Соз жок ен ен ен сонун 5+
16.03.2014. 09:39
 upol92
Жетелешип эле ушинтип ырдап журо берсенер гана. Аселдин голосу кайырмада угулбай калыптыр. Ийгилик. Ортонордо чындап♡♡♡♡♥♥♥♡♡♡♥♥♡♡бар
17.03.2014. 13:01
 admin_media
aizadaxan,
Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Эскертүү, башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз.
17.03.2014. 13:01
 admin_media
Nyr4ik,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?
17.03.2014. 21:35
 Iloveyou-92
Эн сонун азаматсынар.
20.03.2014. 21:03
 finalyear2014
++55
01.04.2014. 20:17
 alikay
Эн сонун!унуно сонун топ келген бир бирине!ийгилик чыгармачылык!
03.04.2014. 21:43
 Cholpontai
Нурланды суйом да Асель экоо баш кошсо жакшы болмок идеальная пара
06.04.2014. 23:58
 laki
Сонун ыр, жагымдуу!
25.04.2014. 22:28
 dastan_nookat
Нурлан менен Аселге соз жок!!!!!
27.04.2014. 03:22
 kuba12
Супер инфо сиздерден бир сураныч НУРЛАН насиптин ырларын караокесин жуктоп кое аласыздарбы,таппай кыйналып жатам!
28.04.2014 10:40
admin_superstan
kuba12, Саламатсызбы!
Тилекке каршы, "Аудиоклиптер" бөлүмүнө минустар жүктөлбөйт. Бирок колдонуучулар тарабынан "Элдик аудио" бөлүмүнө жүктөлүшү мүмкүн.
27.04.2014. 12:12
 dastan_nookat
Саламатыздарбы! Нурлан Насип-Онол элим ырын тап бергилечи! super.kg
29.04.2014 18:01
admin_superstan
dastan_nookat, Саламатсызбы!
Аткаруучу менен байланышып алганга аракет кылабыз.
29.04.2014. 00:02
 kuba12
Анда кантип Элдик аудиосун жуктосом болот ?
29.04.2014 11:07
admin_superstan
kuba12, "Элдик аудио" бөлүмүнө кирүү үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз:
http://www.super.kg/media/useraudio/
Жүктөп алуу үчүн ушул бөлүмдөгүдөй эле ырдын алдындагы "Көчүрүү" баскычын басасыз.
18.05.2014. 06:34
 ermek_90kg
Онол элим деген ырын жуктоп коесузбу Нурлан Насиптин
23.05.2014 14:26
admin_superstan
ermek_90kg, http://www.super.kg/media/audio/120033/
09.06.2014. 21:35
 syrga.kg
Жакшы ыр экен. Ийгилик сиздерге!
24.07.2014. 14:44
 BAGIROCHKAA
Только у асель нет голоса.....Как Нурлан ты мог с ней спеть ?
29.07.2014. 04:52
 aizadaxan
Любит вот и спел
22.10.2014. 09:20
 jasi
Эхх, ушул коз ирмемдер такыр алыстабасынчы. Ыр ++++5
30.12.2014. 22:22
 Afina
Асель эжекенин уну да абдан назик, жагымдуу экен. Буга чейин маани деле бербептирмин Асель эженин унуно. А Нурлан Насипке эми соз жок да......... ыр абдан жакты.....
20.03.2015. 19:17
 salta.18-94
Абдан соонун экен
23.04.2015. 02:08
 sama1212
Ушул ырды угуп буткончо денем чымырап туратда. Кайталап укканга алым келбей кетет. Жан дуйномо ушунчалык катуу таасир берет ушул ыр
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо