Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бек Борбиев "Гүлчөтай"
04:11
7,66 Мб
Жүктөлгөн: 18-03-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(5 добуш)
Ойнотуп жүрөк кылдарын,
Өзүңө келди ырдагым.
Чыйырчык жакка бет алдым,
Карабай Оштун кыздарын.
Жол узак али, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Өзүң да келсең болбойбу,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
Жашаган жери Гүлчө, Гүлчө,
Жайнап турат экен күлсө, жүрсө.
Алайдын тоосу гүлгө бай,
Келатам эңсеп күлчөтай.

Зымырап Мады, Баш-Булак,
Кыздары калды кол булгап.
Күйөө бала экен дештиби,
Ашуудан кымыз, бал сунат.
Керемет жериң келишим,
Датканын кызы, элисиң.
Күч күйөө болуп турсам да, эй,
Алайдын сүйдүм, сүйдүм перисин.

Кайырма:

Күлчөтай жасап камданып,
Тосорсуң ысык нанды алып.
Жылуу-Суудан өтүп баратам,
Жакындап улам, жанданып.
Жол узак экен, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Мен жакка дагы келерсиң сен,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:

Комментарийлер (27)

18.03.2014. 15:42
 Kudi
Ар бир ыры сонунда Берадор байкенин зор
18.03.2014. 16:26
 indira.1991
Суппер
18.03.2014. 17:50
 Makaton
Алайдын сулуу кыздарына да ыр чыгыптыр, мына сага... Жакшы ыр болуптур!
18.03.2014. 20:48
 aikooo
соонун ыр екен)))
18.03.2014. 20:56
 don.kg
Алайдын тоосу гүлгө бай Келетам эңсеп Гулчөтааай, Бек байке ырыныз СУППЕР!
18.03.2014. 22:53
 jumatone
Мм анча болбоптур барган сайын ырлары жеңил болуп барат андан көрө эски ырларын жаңылап ырдаса
19.03.2014. 08:12
 jaku-09
Саламатсыздарбы Асанкалый Керимбаевдин Когучконум деген ырын жуктоп коесуздарбы
19.03.2014 10:48
admin_media
jaku-09,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
19.03.2014. 09:38
 liliya-gul
Бек байке сиздин ар бир ырларыныз озунчо уккулуктуу ишинизге ийгилик талантынызга таазим кудайым ден соолук берсин
19.03.2014. 11:11
 cholponbai80
Саламатсызбы admin_media. Когучконум карегинден кагылайын деген саптары менен башталган дует ырды жуктоп коесуздарбы, сураныч! "Кыргызстан обондору"нан берип калат...
19.03.2014 11:27
admin_media
cholponbai80,
Саламатсызбы! Кимдин аткаруусунда, ырдын аталышы кандай экенин жаза кетсеңиз издөөгө ыңгайлуу болмок. Бирок мындан кийин суранычтарды http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=431&pid=1573290&st=920&#entry1573290 ушул темага калтырыңыз. Рахмат!
19.03.2014. 11:32
 jaku-09
рахмат
19.03.2014. 18:20
 dastan_nookat
''Сонун ыр Бек байке азаматсыз дагы кутобуз шандуу ырлардан''
21.03.2014. 01:19
 meridian
Супер. Абдан жакты. Соз жок. Алайдын сулуулары жакшы ырларда жашаганга татыктуу. Бар болунуз,Бек ака. Сизге чыгармачылык ийгилик,жакшы жетишкендиктерди каалайм.
25.03.2014. 12:09
 alai1987
оо жакшы чыгыптыр,Гулчонун сулууларына арнаган ыры,красавчик Бек брат
26.03.2014. 03:18
 Nursultan.m.n
)) voo alaidyn kyzdary da baldary da suluu))jakshy yr eken Bek baike
Bek baike kyz bolgondo anda murun ele chygarmak alaidyn jigitterine xexe!!
06.04.2014. 19:42
 Lumia-800
Оппаа Алайдын суйдум перисииин....сонун!
13.04.2014. 09:38
 semei
Бек азаматсын супер ыр быйылкы тойлордун хити болотко алга!
14.04.2014. 22:30
 dinooou
Ыр сонун!Алайдын кыздарына озгочо жакты)))
15.04.2014. 12:31
 Bolo
Сонун ыр болуптур! Бектин ырлары башкалардыкына окшобойт, дайыма оригиналдуу!
26.04.2014. 23:45
 RahiLa
охооо чулчо
27.04.2014. 21:49
 alaika.kg
Алайдын кыздарынын атынан чоң рахмат, Бек байке!:-)
06.05.2014. 18:02
 dastan_nookat
Текст кошуп койгулачы
02.10.2014. 16:02
 kg_bars
Сонун ыр екен!
26.10.2014. 19:38
 ernisosh
соз жок.
17.11.2014. 01:25
 azart
сонун ыр алга алга
21.12.2014. 10:01
 nazya5
Сонун ыр экен!!! Рахмат сизге Бек байке датканын кыздарынын атынан!))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо