Жумагүл Раимжан кызы "Сүйүү бакыты"
03:50
3,51 Мб
Жүктөлгөн: 18-03-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(22 добуш)
Өзүңдү сүйүп жүргөн, ай,
Бир эмес, көптү билем.
Көзүңдөн күйүп жүргөн, ай,
Жалындуу отту билем.

Жазылган маңдайыма сени,
Кемибес бак деп билем.
Тапканга бир өзүңдү,
Шүгүр деп жашап келем.

Кайырма:
Мен сени жылдыз эмес да,
Жаркыган ай деп билем.
Күз эмес, сары жандуу,
Көлкүгөн жай деп билем.
Сен мага учканды үйрөттүң,
Тордогу булбул элем.
Сүйүүнү тутканды үйрөттүң,
Күдүкчүл бир муң элем.

Мен сени бул өмүрдө,
Түгөнбөс ыр деп билем.
Төгүлгөн төбөмдөгү, ай,
Эң жылуу нур деп билем.

Өзүңдү өмүрүмдүн, ай,
Сакчысы, эр деп билем.
Айымды аяй билген, ай,
Эң айкөл шер деп билем.

Комментарийлер (21)

18.03.2014. 22:04
 nurando
5
19.03.2014. 12:45
 alaika.kg
Мынча ширин ыр! Өлө жакты! Ыр бул жакка жүктөлгөндөн бери кайра-кайра угуп жатам! Сөздөрү эми укмуш! Кайсы мырзага арналса да, абдан бактылуу экен! Жумагүлгө чыгармачылык ийгилик! Мындай ширин ырларды көп-көп жарата берсин! Абдан таланттуу ырчы кыз!:-)
19.03.2014. 12:47
 alaika.kg
Super.kg, сиздерден бир өтүнүч, ырдын текстин жазып коюңуздарчы? Алдын ала рахмат!:-)
19.03.2014. 18:51
 Joke.uzb.
5+
20.03.2014. 07:27
 Zair_Alimov
soonun yr boluptur go+10
20.03.2014. 07:34
 Oskar777
Эң мыкты ыр болуптур, молодцы!
20.03.2014. 15:01
 lomonkg
Minusovkasyn juktop koiosuzdarby,please...batyraak bolso sonun bolmok.
20.03.2014. 16:49
 283755
owtun syimygy!
18.05.2014. 15:51
 Baaasyz07
Мен урматтаган татынакай кыз. Уну да укмуш, мукам, кулака уккулуктуу ырларды ырдайт. Барби
19.05.2014. 14:50
 Sagidko88
Сонун ыр!Мыкты аткарган!
02.06.2014. 15:27
 Ади
Казактардын ыры алардан ашыра ырдаса ырдасын, ырдай албайбы жон коюш керек да жакшынакай ырды бузбай. Модератор admin_media түзөттү 02.06.2014 17:05
02.06.2014 17:06
admin_media
Ади,
Курамы окшош сайттарга шилтеме калтырууга тыюу салынат! 5 күн банга!
20.06.2015 10:29
Acia
Ади,

Аябай эле сонун аткарган,казактар жолдо калган.
18.07.2014. 01:52
 Meka77
Аябай сонннннун ыр да тим эле дирилдейт да дирилдейт журогум уккан сайын.
03.08.2014. 20:30
 melek1
men jakwy korgon yrlarymdyn biri 5+++++++
28.09.2014. 02:43
 nazi93
Мага да абдан жакты.
23.12.2014. 16:24
 orhideya26
Кандай сооонууууун ыр......
03.02.2015. 17:44
 Zoluwka
Аябай соонун ыр.мага абдан жакты...бул ырды уккан сайын суйгонум коз алдыма элестей берет...бир айдан бери ушул ырды угуп журом...сизден дагы да ушундай журокко жете турган сапаттуу ырларды кутобуз.Чыгармачылыгынызга ийгилик...
20.06.2015. 10:29
 Acia
Азаматсын Жумагул!!Ийгилик!
02.07.2015. 16:47
 dastan_nookat
Ун сонун
19.08.2017. 12:32
 Bad-boy
Ыр соонун дирилдейт го дирилдейт. Сүйөм го Жумагүлдү.. Чыгармачылык ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо