Майрамбек Осмонов "Кусалык"
03:53
6,2 Мб
Жүктөлгөн: 16-04-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(5 добуш)
Карегимди жашы кылып жамгырдын,
Канча күттүм арасында
ай-жылдын.
Какшап жетпей калганымды билсең да,
Карааныңды бир көрүүгө зар кылдың.

Кайырма:
Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым, кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.

Сагындырган гүлүн көздөй бара албай,
Сай да бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшош бир да жылдыз таба албай.

Кайырма:

Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн,
Ашыктыктын азабына күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?

Кайырма:

Комментарийлер (13)

16.04.2014. 22:21
 Altyn_94
ой рахмаааат. коптон бери кутуп жургон ыр. ишинерге ийгилий!
18.04.2014. 09:42
 Kudi
Рахмат кутуп журдум еле супер
29.08.2014. 00:15
 WINNER
Эхх... ыр эмесби экен э.
18.09.2015. 10:58
 altynbek_84kg
ийгилик чыныгы талант
18.09.2015. 12:56
 Мэри
Тексти соонун, обону да...
18.09.2015. 13:00
 Мэри
Майрамбек мырзадан мыкты обончу гана эмес, мыкты акын чыкмак экен... Бул өнөрүнө маани бербей, экинчи планга калтырган окшойт.
Сунуш: Майрамбек мырза, ырларыңыздын тексттери сонун, ошолорду чогултуп жыйнак кылып чыгарыңыз))))
13.12.2015. 11:19
 zoichka
Талантыныз супер
04.01.2016. 17:38
 akylzirek
Ырдын обону абдан соонун текстине шай келген. Ал эми мыкты тексттин автору кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев экенин унутпаңыздар...
08.04.2016. 08:42
 Samandar
Сонун ырдаган аккордеонду жакшы ойногон мн дайым ушул ырларды ырдайм деп Акназар
10.06.2016. 12:13
 znanylay
Баары бири бирине төп келишкен:сөзү,обону,аткаруучусу
24.09.2016. 14:43
 Kyialkech
Сонун ыр. "Суйдум чок" деген ырын жуктоп кое аласыздарбы. Рахмат.
16.12.2016. 13:31
 Jakshynam.1982
Соонун жазган
19.12.2016. 20:20
 Azamat03
Сонун ыр мага жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо