Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Нарынбек Калыбаев "Баарыңды күтөт Ала-Тоо"
04:22
4 Мб
Жүктөлгөн: 25-04-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(3 добуш)
Чечилбей жолдор ичкерип,
Чет жактан бакыт издедик.
Мекенге төкпөй маңдай тер,
Чет элде жүрүп иштедик.

Балдарым аман жетсе деп,
Басынбай өнүп-өссө деп.
Ата-эне ар бир мүнөтүн,
Силерди ойлоп өткөрөт.

Кайырма:
Турмуштун каарын кенебей,
Тулпары качкан желедей.
Баарыңды күтөт Ала-Тоо,
Балдарын күткөн энедей.

Таалайлуу өтсүн ай-жылың,
Тартпасын эч ким кайгыны.
Акчаңар эмес, өзүңөр,
Мекенимдин, ай, байлыгы.

Кайырма:

Ааламды кеттик аралап,
Аман бол, баарың саламат.
Кубанып элге келгенче,
Кудайга кылдык аманат.

Кайырма:

Комментарийлер (15)

25.04.2014. 10:32
 dastan_nookat
''Sonun raxmat super.kg jamatu''
25.04.2014. 14:11
 maks.kg.11
Эх сагындыыым сени мекеним,жакшы ыр болуп тур.
25.04.2014. 18:07
 dastan_nookat
Tekst kerek ele super.kg!!
30.04.2014 13:17
admin_superstan
dastan_nookat, текст кошулду.
25.04.2014. 18:13
 dastan_nookat
Нарынбек аке бул ырыныз аябай жагат !!!!
26.04.2014. 10:41
 Mir.kg.88
Көгүчкөнүм канатыңдан кагылайын
Сүйбөсөң эмне айтып жагынайын
Мейли сүйбө күлүп койчу мени карап

Деген ырды таппай келем 4 жыл мурун Санжар Кошбай уулу ырдап чыккан эле эгер мумкунчулук болсо жүктөп коюшуңуздарды суранам
30.04.2014 13:01
admin_superstan
Mir.kg.88, Саламатсызбы!
Эгер бул ырды тапсак, жүктөп коёбуз.
08.12.2014. 22:41
 mirbekkg
Нарынбек Калыбаев эң жакшы ырчылардын бири! Өнөрүңүз өркүндөй берсин... Аксы Жаштар Биримдиги...
14.03.2015. 12:05
 atai9292
урматту админдер же форумчулар ушул ырчынын ноокаттын кызыл алмасы деген ырын жуктоп койунуздарчы суранам
16.03.2015 18:49
http
atai9292, менде барле тапсам жуктоп коем ээ
27.03.2015. 00:16
 atai9292
http эгер болсо ватсаптан деле жонотсонуз боло берет
07.01.2016. 02:17
 Sabyr_Baymatov
Саламатсызбы admin? Нарынбек Калыбаевдин “Ноокаттык кызга” деген ырын жүктөп коюуңуздарчы? Сураныч
07.01.2016. 03:56
 Sabyr_Baymatov
Саламатсызбы admin? Нарынбек Калыбаевдин “Темир тулпар” деген ырын жүктөп коюңударчы. “ЭлТР” телеканалынан уктум. Рахмат!!!
07.01.2016 17:32
admin_media
Sabyr_Baymatov,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
18.09.2016. 10:47
 Sabyr_Baymatov
Өзүбүздө жумуштар көп болгондо, чет өлкөлөрдө көбүбүз жүрбөйт элек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо