Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова "Ак көгүчкөн"
04:12
3,84 Мб
Жүктөлгөн: 06-05-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.29/5
(28 добуш)
Таң да атты, таалайым батып баратты,
Үмүт катты, үзүлүп көздөн жаш акты.
Болду го деп өзүмө суроо бере албай,
Козгой албай, кансырап турган жараатты.

Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн?

Арман кылар айтылбай, балким, сыр калар,
Унутулар, ырдалбай, балким, көп ырлар.
Ак көгүчкөн, сен дагы жалгыз, мен жалгыз,
Эгиз сыңар окшошту биздин тагдырлар.

Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн?

Мен үзүлбөйм, аскада гүлдөй үзүлбөйм,
Мен өкүнбөйм, чайпалып көлдөй төгүлбөйм.
Мен жанамын, күндүзү күндөй, түнү айдай,
Булуттардай, бир көрүнүп, бир көрүнбөйм.

Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн?

Комментарийлер (37)

06.05.2014. 17:39
 Jenish_kg1
jaman emes
06.05.2014. 18:30
 peri...97
Эн сооонун.Гулнур эже Бек байке абдан жакшы ырдапсыздар...
06.05.2014. 18:41
 Samandar
Сонунго, Бек байке ырдаган экинчи сапты сонун кайрыптыр,
06.05.2014. 18:43
 Samandar
Оооох оохх сонунго бийик кылып бир аз кызуу болсон жалгыз чоон залда угуп жатсан
06.05.2014. 19:05
 Kudi
Сонун екен адимин рахмат жуктоп койгонунузга
06.05.2014. 20:10
 suiutbekov1989
Эээх бектин обуну черкин
06.05.2014. 20:19
 dastan_nookat
"Жакшы дует мыкты ыр"
06.05.2014. 23:14
 sumka
bul yrdy suiom!a yr4ylardy olllloooo suiom!!!!
07.05.2014. 00:50
 jumatone
Жакшы
07.05.2014. 01:35
 erkele
Админ сураныч Кенже Дуйшееванын концертинде ырдаган жаны ырларын жуктоп коюнуздарчы!
07.05.2014 09:53
admin_superstan
erkele, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз ))
07.05.2014. 05:28
 maks.kg.11
Жакшы ыр болуптур укса болот
07.05.2014. 06:36
 ronni07
Ыр сонун чыгыптыр даа! Мирбек Иманбековтун - Сага гана аттуу ырын жуктоп коюнуздарчы сураныч, алдын ала чоон рахмат!
07.05.2014 09:53
admin_superstan
ronni07, Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
07.05.2014. 08:54
 wlecom2014
Жакшы!
07.05.2014. 10:41
 dastan_nookat
Кенже Дуйшеиева-''Замандаштарыма'' ырын жуктоп бериниздерчи!!!!!!
07.05.2014 11:10
admin_superstan
dastan_nookat, cунушуңуз эсибизде.
07.05.2014. 14:01
 Makaton
Жакшы ыр. Бирок Бек байке азыраак ырдаптыр.
07.05.2014. 20:10
 pitbul.t91
сонунго
08.05.2014. 09:56
 nargiz2626
жакшы
08.05.2014. 10:51
 kubankg2010
admin_superstan рахмат сизге ушул дует жуктогонунузго
08.05.2014. 10:58
 Mashirapovna
Гулнур Сатылганова м,н Айар ырдаган ырын суранат эле сиздерден супер-инфо?
08.05.2014 11:50
admin_superstan
Mashirapovna, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде.
08.05.2014. 17:28
 uylaak
Рахмааат
08.05.2014. 20:47
 chinakg0997
Сонун екен адимин рахмат жуктоп койгонунузга
+10
16.05.2014. 23:48
 kalmamat
Урматтуу Супер Инфочулар,Камчыбек Турсункулов деген кыргыздын кучтуу обончу ырчы жигити бар эле.Ошол кишинин озунун аткаруусундагы ырларын таап жуктосонор ото жакшы болот эле.Ырлары дагы бир башкача эле.
19.05.2014 15:40
admin_superstan
kalmamat, азырынча биздин порталдын "Элдик аудио" бөлүмүндө 3 гана ыры бар:
http://www.super.kg/media/?search_term=Камчыбек+Турсункулов&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
28.05.2014. 00:47
 Take200182
Бек Борбиевдин"Шыбыр шыбыр ун менен сырдашабыз тун"менен деген аккордеон менен ырдаган эски ыры бар эле ошону жуктоп коё аласыздарбы алдын ала рахмат
28.05.2014. 01:02
 Take200182
Бек Борбиевдин "Айлуу тун сырларым сен"деген аккордеон менен ырдаган эски ырын жуктоп койсонуздар жакшы болот эле алдын ала рахмат
28.05.2014 17:23
admin_media
Take200182,
Саламатсызбы! Ырдын аталышын жазып койсоңуз издөөгө ыңгайлуу болмок. Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
14.06.2014. 17:20
 nurka_85
Кыргыз сахнасынын залкарлары го
Эн сонун союз жок
14.06.2014. 17:22
 nurka_85
Соз жок
17.06.2014. 19:18
 kukukyrgyz
salamatsyzdarby super info surany4 sizderden Bektin

"jigiti bar eken dep emi sen bilip jyrgyn" degen yryn jyktop koisonuzdar soopko kalat elenizder aldyn ala 4oon rahmat.
18.06.2014 11:45
admin_superstan
kukukyrgyz, ал ыр бар:
http://www.super.kg/media/audio/70935/
28.07.2014. 22:48
 Take200182
Кыргыздын эски ырларын эч жерден таба албайт элек.ушул сайтты ачып жакшы кылыптырсынар.Издегенини тапсан болот экен ото ыраазымын супечилерге рахмат мынданда онуго бергиле
22.08.2014. 17:49
 Мэри
Бул ырды Гүлнур эже алгач ырдаганда дагы бир ирет таң калгам,Бек байкенин талантынын күчүнө.Анткени бул ырда айымдын көз карашы, психологиялык абалы берилгендей, (мен ошондой кабыл алам)аны аялзаты гана түшүнүп, аялзаты гана жакшы бере алмак.А Бек байке ошону сонун берген,айымдын жан дүйнөсүндө болуп жаткан бурганакты, бороон-чапкынды укмуш сүрөттөгөн.
30.09.2014. 13:17
 Joke.uzb.
Гульнур эже озу жеткириб ырдаган, Бек байке менен дуэти андан да сонун болубтур.Супер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо