Нуркыз Кожонова "Досторго"
03:08
4,29 Мб
Жүктөлгөн: 21-05-2014
Жанр: Поп
Сөзү:М.Осмоналиевдики
Обону:Казак элиники
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(8 добуш)
Элестетип күндөр, бирге жүргөн түндөр,
Куса болуп эске алам бүгүн.
Каздар учкан көлдөр, кереметтүү жерлер,
Өзгөрбөптүр баарын көргөнмүн.

Кайырма:
Биз асманга карап, жылдыздарды санап,
Жүрчү элек го алыс күндөрдү самап,
Бара берем деймин, алыс болсо мейли,
Аман жүрсүн досторум деймин.

Көп ойлоном күндө, уктай албай түндө,
Бакыт-дөөлөт баары болсо дейм.
Элге кубат досу, эмгек-өмүр тоосу,
Кыйындыктан коркпоюн дейм.

Кайырма:

Кулпурсачы талаа, кулпурсачы калаа,
Гүл бакчада куштар сайрасын.
Эңсеп айткан тилек, сезимдер да түнүк,
Армандардан көңүл калбасын.

Кайырма:

Көктөмдө күнүм деп, cагындым бүгүн деп,
Жаштыкта жолугуп жыргал сүрөлү.
Бар өмүрүм менин белек кылса мейли,
Аман жүрсүн досторум деймин.

Комментарийлер (6)

21.05.2014. 13:41
 dastan_nookat
Супер+5
21.05.2014. 15:43
 Lazat
Бул ырды Жанара эжем Атабекова гана жакшы ырдаган.
06.06.2014. 16:39
 lily27
Сонун ырдаптыр
13.08.2014. 12:17
 ay.zi
Текстин жазып койгулачы)
26.08.2014. 01:59
 burulu
super
26.07.2018. 13:39
 Zaki.79
Клип да жакшы тартылган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо