Ильяз Абдыразаков "Окуучулук кайыгым (Remix)"
04:04
4,65 Мб
Жүктөлгөн: 22-05-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Б. Борбиевдики
Обону:Б. Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
"Окуучулук өмүрүм" деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап турганмын.

Кайырма:

Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.

Он жыл бирге туздашып,
Классташым, курдашым,
Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжелерим, агайым,
Кеч болсо да рахматым айтайын.

Кайырма:

Комментарийлер (44)

23.05.2014. 00:05
 Uson.91
Jakwy yr
23.05.2014. 00:42
 kamo
Ильяз азаматсын. Бирок конуп калган эле Бек байкеники уккулуктууго.
23.05.2014. 00:47
 Mariyana
Эх окуучулук убагым...суппер ийгилик Ильяз
23.05.2014. 03:08
 isamurai
чынында жакшы чыгыптыр 25-майда кайра кайра угат экенбиз да 10-20-жылдыктар
23.05.2014. 04:55
 aiza.kyrgyzkyz
Молодец Иляз Убагында мен да ырдадым Эле ушул ырды Ысмайыл Бектемиров атындагы номер 2 чи мектепте))) эххх окуучулук кундорум менин кайда кеттин(((
23.05.2014. 11:10
 milliarder
:) класс!!!
23.05.2014. 13:05
 akzuura
Супер инфо саламатсыздарбы?Азиз батыровдун ырларвнан жуктоп койосуздарбы сураныч!маекеда чакырыныздар ал жонундо билгим келет рпхмат!
23.05.2014 13:45
admin_superstan
akzuura, Саламатсызбы!
Ал ырчы биздин тизмеде жок. Кошулса, ырларын жүктөйбүз.
Комментарийлерди жашыруу
29.07.2014 15:48
Baby007
admin_superstan, Саламатсызбы. Тизмени карап Нон стоп групасын корбодум. Сиздерден сураныч ал группанын деле ырларынан жуктоп коюнуздарчы. Алдын ала рахмаат!
23.05.2014. 19:32
 MUSU1MAN
Абдан жакты созу мектептеги кездерди эстеп кеттим... :) :):)
23.05.2014. 20:00
 Wolf_ero

сагынып кеттим мектепти
24.05.2014. 14:15
 PATRIOT_07
Ильяз, жакшы идея болуптур))
24.05.2014. 14:43
 jigitaly
Jakshy
24.05.2014. 16:29
 Floweryface
Окуучулук кундор соонун баарынан
Окуй берсек билим алып жаныдан
Журо берсек омур бою гул терип
Озубуздун мектебибиз багынан демекчи кайда калды ал кундор, Ильяз ээээн сооонун, азаматсын!
24.05.2014. 17:32
 sara90
Ar julu 25-mai kelgende mejteptegi kuzuktyy kundorymdy estep mektepke bargym kelet..birok kaidan..mektepti butkonubyzgo 6jul boluptyr...
24.05.2014. 17:47
 aika_sv
Баякы, баякы Бек байкенин сонун ыры.
24.05.2014. 20:47
 Aikoo2014
Ильяз алга!
25.05.2014. 09:58
 Munar2004
Ильяз иним талантын осо берсин,чыгармачылык ийгилик сага.Ырларынды жадабастан кайра кайра угамын.Азаматсын Ильяз.
25.05.2014. 12:15
 aikomir
Саламатсыздарбы супер инфо! Бизде Динара Жусаева деген да ырчы, ди-джей кызыбыз бар эле. Ал эжекебиз азыр кай жакта, эмне мн алектенип журот? Маекке чакырып, жанылыктары мн болушуп койсонуздар аябай жакшы болот эле. Ал эжени акыркы жолу мен 5 класста андагы "XXI- кылым" радиоусу азыркы "Белес" радиосунан иштеп жургон жерине барганда коргом,андан бери такыр кабар жок.Азыр мен 3 курсмун. Алдын ала рахмат.
26.05.2014 11:47
admin_superstan
aikomir, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот. Гезитибиздеги акыркы маеги:
http://www.super.kg/article/?article=13021
25.05.2014. 12:47
 hihikayu
ushul yrdy ayyabai jakshy korchukmun,mektepti ayaktagandan beri ukpai kaldym uksam ele jurogum tyzyldap mektepti sagynyp yilagym kele beret.en sonun yr en soonun atkaruuchu!
25.05.2014. 15:19
 zoro21
жакшы ырды бузуптур(( реверди коооп берип ырдапсын. А так Иляз жакшы ырчы.
25.05.2014. 16:48
 nabi89
Сонун ыр малаток
26.05.2014. 19:35
 baha92
super alga brat
27.05.2014. 14:50
 timur1995
жакшы мага жакты алга Ильяз байке
03.06.2014. 02:13
 ana222
super ilyaz ushu yr jagat maga
13.06.2014. 10:46
 Adilet2014
Эн сонун мектептеги кездерим.... кайра башынанокугум келет... Сонун Иляз байке
19.06.2014. 00:51
 Zair_Alimov
Soonun 4ygyptyr remix versiyasy dagy molodets bat ilyaz iiygilik sizge dagy da orkundoi beriniz koz tiybesin
19.06.2014. 15:20
 TolonturCN
Бул вариянты деле болот экен.
18.07.2014. 21:25
 burulu
men okuuchuluk kundorrum tezireek otco eken dep tilep jurom
29.07.2014 15:36
Baby007
burulu, туура окуучулук кундорум тезирек отсо экен дейсин, бирок студент болгонунда окуучулук кундорунду аябай эстеп сагынасын. Себеби андай нерсе менде да болгон. Эгер мен окууда баа ала турган болсом, "мектепте да ушундай жакшы баага окубайт элемби" деп калам. Эхх азыр жаным да кундолугум болгондо ошо бааны жугуруп барып койдуруп алат болчум, бекер калып кеттат деген ойлор да болгон:-).
12.08.2014. 11:09
 Asus77
Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.

Менда сагынып кеттим...
21.09.2014. 18:08
 Beka0001
SUPER +55555
27.02.2015. 17:06
 abaikg1
Мектеп бул алтын уя азаматсын Ильяз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо