Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Ирлан Таалайбеков "Тойго келгиле"
03:27
7,89 Мб
Жүктөлгөн: 12-06-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.36/5
(11 добуш)
Жол арбытып алыстан тойго келгиле,
Шарпылдаган суулардан кечип өткүлө.
Кунандарды чабышып, жорголорду салышып,
Мелтиреген талаада байгелерди талашып.

Кайырма:
Тойго, тойго келгиле, тойго келгиле,
Оюн-зоокко кошулуп ойноп кеткиле.
Көңүл ачып ар дайым бирге жүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү.

Бийлегиле, жаштар, ай, бийлегиле,
Шапар тээп шаттанып жыргагыла.
Бириңен-бириң калышпай, бийлегиле талыкпай,
Айланада бүт баарың кошулгула тартынбай.

Кайырма:

Обончулар, оболоп ырдагыла,
Булбул болуп баарыңар сайрагыла.
Таза чертип комузду, шаңдуу кошуп добушту,
Күлкү менен, ыр менен көтөрөлү көңүлдү.

Кайырма:

Комментарийлер (11)

12.06.2014. 13:22
 altynai98
соонун ырдаптыр го.мага жакты.алга Ирлан байке!
12.06.2014. 13:29
 hihikayu
Iyyy dese Kudai buirup emi toigo barsak ushul yrga biylep kalat ekenbizda chirkin soonun yrdaptyr toigo bargym kelip ketti!
12.06.2014 17:31
suyom_seni
hihikayu, буюруса сенин тойунда ушу ырга бийлебизда ээ козум))
12.06.2014. 14:02
 uylaak
Бийлеп да алдык, сонун
12.06.2014. 16:47
 ayakosya
Ирлан тойлордо эле ырдап бийлеп журо бербей чыгармачылыка олуттуу конул бура баштаганы корунуп турат , мыкты ыр ар дайым эл кызматында журо бер.
13.06.2014. 03:11
 almaz90
буйруса тойлордо кайнайт экенбиз да....!^~^
14.06.2014. 07:32
 Murok
канчадан бери тойго бара элекмин
25.06.2014. 17:12
 Misterjon
Азаматсын
22.12.2014. 01:11
 Nur_Iman
http://www.super.kg/media/useraudio/132746/ (original Version)
15.09.2016. 00:58
 nurvik
Илъич Касымбековду кошпогондо, баарынан сонун ырдаптыр, азаматсын! Илъич Касымбековдун аткарганында кайырмасында ал экинчи унду да, биринчи унду да кошуп, аялдын уну биринчи гана болуп, жакшы уккулуктуу.nurvik түзөттү 2016-09-15 00:59:42
08.10.2016. 15:25
 AF0189
Эн сонун:-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо