Асема "Онтоосу ичте жүрөктүн (New version)"
03:58
5,45 Мб
Жүктөлгөн: 12-08-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(6 добуш)
Аялуу көңүл арзыган жандан муздады,
Күтүүнүн эми бар деймин кимге кереги?
Кеч күүгүм эле, жан кейип турар кысталып,
Тыйынга турбай калгансыйт дүйнө кереги.
Түн кирет, анан кареги мага кадалат,
Өзүмө окшоп көңүлдөн жарык издеген.
Жылдызым түшүп, бук болдум ызам тарабай,
Туш болдум кайдан сезимге жаным түтпөгөн.

Кайырма:
Оорубайт денем, онтоосу ичте жүрөктүн,
Ден-дароо болуп бир чекти тиктеп отурам.
Айлампа турмуш ичтеги букту бийлеткин,
Эртеңки күнүм кандайын билбей чочулайм.

Ордумдан жылбайм асманда жылдыз толгондо,
Көшөрөт сезим эрегиш таштап күчүнө.
Булуттай көчөт үмүттүн жиби үзүлбөйт,
Бук болгон кезде киресиң менин түшүмө.

Кайырма:

Ушундай сезим келет да кетет чочуду,
Жылчыксыз болуп калгандай дүйнө караңгы.

Комментарийлер (10)

14.08.2014. 11:20
 Jiza
Серьезный бир аш тапса болмок бул кыз. Калп эле кыйналып ырдай бербей...
19.08.2014 00:11
talant_kg88
Jiza, сен ырдачы анда кыйналбаган башы чыкпаган чымчык бутун соозоттон болуп жатасынго
Комментарийлерди жашыруу
23.12.2015 08:42
karan_khan
talant_kg88 мырза, Jiza сыяктуу "ОБОНчуларга" тийишпегиле)) коомдо алардын орду чоң. Андайлар да керекkaran_khan түзөттү 2015-12-23 08:43:20
20.08.2014. 17:12
 dastan_nookat
Sonun Eken!!!!
21.08.2014. 01:53
 melek1
jakwy))))))))))))
16.10.2014. 15:49
 gulperi92
соонун ыр рахмат админ сиздерге ушул ырды издеп жургом
04.12.2014. 09:37
 Ainurrr
Молодец
17.01.2015. 16:16
 Maks_sharshenaliev15
Asema aiym chygarmachylygyna iigilik
20.02.2016. 20:01
 tima.barpy
атмин Асеманын ,,Жүрөлүчү жүрөк орутпай,,деген ырын кантип тапсам болот.
22.02.2016 14:15
admin_media
tima.barpy,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталга жүктөлөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо