Эрлан Андашев "Кайгырба"
03:30
3,21 Мб
Жүктөлгөн: 19-04-2010
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Эрлан Андашевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(20 добуш)
Байлыгым жок деп кайгырба,
Ден соолук сенин байлыгың.
Он эки мүчөң соо турса,
Ошол да сенин бай күнүң.
Ал-күчүм жок деп кайгырба,
Акылдан өткөн чоң күч жок.
Акылсыз баатыр сак жүрсө,
Акылы көптө көңүл ток.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба, сен, ай, кайгырба.

Сулуулук жок деп кайгырба,
Сулуулук болот жүрөктө.
Жүрөгүң соксо токтобой,
Чырайың кетет күн өтсө.
Бакытым жок деп кайгырба,
Ыйманда сенин бакытың.
Баспасаң мечит тарапка,
Бакыттан сенин качышың.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба, сен, ай, кайгырба.

Талантым жок деп кайгырба,
Татыктуу жашоо чоң талант.
Таза жол менен жашап өт,
Үй-бүлө отун калкалап.
Акылым жок деп кайгырба,
Акылдуу болуш аста-аста.
Акылман сөзүн көп уксаң,
Акыл да келет кырк жашта.

Ай-ай-ай-ай-ай

Атагым жок деп кайгырба,
Атактуу жүрөт тузакта.
Азаттык сенде андан көп,
Кызыктын баары сен жакта.
Турмушум оор деп кайгырба,
Оңой деп эч ким айтпаган.
Тайкүлүк ташы бут тоссо,
Чыңала түшкүн кайтадан.

Кайырма:
Кайгырба,
Кайгырба сен, ай, кайгырба.

Комментарийлер (79)

04.08.2010. 23:44
 zulayka
Кайгырба сен, ай, кайгырба
жакшы ыр болуптур, жакшы клип тартыш керек....
05.08.2010. 15:38
 takim
super ir boluptur
azamatsinar
obonu, sozu mikti
14.08.2010. 13:42
 enelik
Baykem negizi ozu adeptuu!!
adeptuudon adeptuu ir jaralat da!!!!
17.08.2010. 19:42
 kurultay
Бул ырды укканда журогум жылып кетет! жаш туруп ушундай маанилуу ыр ырдаганына ырахмат. Эрлан ийгиликтерди багынта бер
17.08.2010. 19:49
 kabarchy
maga ir abdan jagat
17.08.2010. 19:49
 kabarchy
klibi jok bul irdin ??
23.08.2010. 11:51
 Pakal
Эрлан клип качан тартылат? Бир кенешип кой э...
24.08.2010. 09:22
 egizder
Pakal,
ай-ий бул жакка Эрлан келип сенин жазуунду окучудай болдун го....
Эрлан ырынын ушул жакта бар экенин да билбейт болсо керек. хахахаха
24.08.2010. 09:23
 egizder
а так ыр жакты мага. Азаматсын!! ийгиликтин фортунасы сенин командан тарапта болсун!
31.08.2010. 19:54
 mediina
молотчик!!!
06.09.2010. 13:31
 Pakal
egizder
Men ushul jazuunu jazgandan kiyin, Erlandyn prodyuseri maga jolugup, klibin talkuuladyk. Tak 4to, forumdu yrchylar okuuruna ishene ber tuugan.
10.09.2010. 09:54
 TROYA
kim yrdait dep jurso Erlan yrdait eken da jawoogo undogon ur eken
03.10.2010. 10:14
 Zhumakadyrov
"Даниэль
жакшы,бирок атабековту туурагандай болуп калыптыр"

Бала талпынып жатканда бут тоспо! Озундун ойунду озуно сакто коп опкону кокко чаппай!
04.10.2010. 16:09
 kinostan
Zhumakadyrov
men da sag koshulam/
biz kachan gana jash talanttardi koldoibuz!!
menin oyumcha Erlandin degen iri jildin super iri!!
a bul iri bolso? jashtardin arasinda taalim tarbiya beruugo chon salim koshot dep oiloim!!
11.11.2010. 06:01
 Arstan
Эхх..достор эч качан кайгырбагыла,Кудайым буюурса баары жакшы болот!
23.12.2010. 12:39
 akarat
ech kim, ech kachan kaygirbasin
doskeler! kaygirba sen ai kaygirba!
Erlan azamatsin!
29.12.2010. 01:24
 Barika
Ой, мен бул ырды Атабеков ырдайт деп журо берипмин!
Азаматсыз Эрлан ийгилик сизге!
01.01.2011. 20:40
 kapilet
sonun ir
soz jok
super trek

kaygirbayli ech kachan!
22.01.2011. 21:34
 Rayana
Barakeldi!!!!!!!
23.01.2011. 01:25
 kumtel
иииий сонун ырго............
01.02.2011. 19:07
 avadanov
Jashy yr eken maanisi abdan jakshy!
19.03.2011. 00:44
 pipec
Эрлан эн мыкты ырчы! Атабеков Мирбек жанында не дышет!!))))))
23.03.2011. 14:50
 ulan aida
Сонун ыр, ырчыларыбыз азаматтар!
12.04.2011. 09:36
 wwwwww
Ыр биздин жашообузга ылайыктуу
07.07.2011. 17:31
 nevesta1986
браааааааааавоооооооооооооо
21.08.2011. 14:41
 Nurwin
Эрлан азаматсын!!! Мен сени колдойм!!! Маанайды которчу ыр экен!!!
18.10.2011. 11:21
 LadyD
ырдын автору азаматкен!!!! укмуш жазыптыр аябай жакты"!!! Эрлан андан да соонун ырдаптыр
26.10.2011. 03:07
 Al4ik
оозуна май! :))
09.03.2015. 16:39
 Bili
ГОЛОС супеееер браво. ...
18.01.2019. 23:46
 KOCMOC
Эхх мен мунун ырларын Мирбектики деп журо бериптирмин да. Ундору аябай окшош экен.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо