Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
КЫЗ - БУРАК тобу "Кош сүйүү"
03:51
4,4 Мб
Жүктөлгөн: 07-10-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Г.Садыбакасованыкы
Обону:Г.Садыбакасованыкы
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Арзыган тилегимди,
Арнаган жүрөгүмдү.
Бир жигит сезбей кетти,
Мен аны сүйөрүмдү.
Акмалап күнү-түнү,
Азгырып үмүтүмдү
Алдымдан тосуп улам,
Бир жигит сүйүп жүрдү.

Кайырма:
Кош сүйүү сабаладың,
Жүрөктү жараладың.
Бирине карабадың,
Бирине жете албадым.

Махабат бооруң ташпы,
Агыздың көздөн жашты.
Бактымды кармай албай,
Сүйүүдөн көңүл калды.
Бийик кармап өзүмдү,
Боло албадым өтүмдүү.
Санаасы көп махабат,
Алам сенден өчүмдү.

Кайырма:

Комментарийлер (14)

07.10.2014. 23:06
 Anqelina2
Мына Гулшайыр эжеке мыкты хит ырларды жазып берип,популярдуу кылып элге таанытып койду эле.Кийин"Ашынды ичейин кадырында чычайын"болуп болунуп кетишти ХХХ ХХХ.Сый менен кетиштин ордуна.Бул ырларды Айжамалдан башка кызга ырдатса деле сонун эле ырдамак. Айжамал Кыз-Буракта ырдаганда аябай жакшы корчу элем.Азыр коргум да келбейт.Гулшайыр эже болбосо ХХХ ХХХ ХХХ Азыр тим эле асмандан тушкондой суйлойт.Корбогондун коргону курусун болупМодератор admin_media түзөттү 08.10.2014 10:19
08.10.2014 00:00
priora1982
Anqelina2, тура айтасын
08.10.2014 00:56
Aigul-aigul
Anqelina2, Туура айтасын мен да коншулам рахмат айткандын ордуна оозун чоюп мактанышат
08.10.2014 10:21
admin_media
Anqelina2,
Кимдир бирөөнүн өздүгүнө асылып, кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк банга!Модератор admin_media түзөттү 08.10.2014 10:22
Комментарийлерди жашыруу
08.10.2014 22:49
FlowersGuli
admin_media, туболук банга деген не?
09.10.2014 09:19
admin_media
FlowersGuli,
Саламатсызбы! Түбөлүк сайттан четтетилди дегенди түшүндүрөт.
14.05.2015 18:18
goodman02
FlowersGuli,хахаах
20.10.2014. 14:37
 SweetLady
Туура, мен да кошулам. Ошол үч ырчынын б.а. АГК тобунун элге таанылуусуна Гүлшайыр эженин салымы чоң. Аны эл көрүп турбайбы. Анан ооздорун чоюп элге кыз-буракты биз тааныттык деп кыйын болушат. Андай экен эми таанылышсын, АГК тобу болуп Кыз-Буракты басып өтүшсүн. Бир дагы уккулуктуу ыры жок.
22.10.2014 20:13
melek1
SweetLady, tuura aitasyz
01.11.2014. 14:23
 557
Кенже эч качан ичкен кудугуна тукурбо, из грязи князь болбогула!
01.11.2014. 19:37
 dastan_nookat
Саламатсыздарбы! Super.kg сайты.Кыз Бурак тобу-Кыргызымдын кырандары! деген жаны ырын жуктоп койсонуздар суранам!
13.11.2014. 19:27
 Maksutov.95
Ассалому аллейкум админ кыз бурак тобунун Кыргызстан деген ырын жуктоп койосуздарбы рахмат
14.11.2014 10:44
admin_media
Maksutov.95, dastan_nookat,
Саламатсыздарбы! Сиздер сурап жаткан ыр: http://www.super.kg/media/audio/64855/
21.11.2014. 10:18
 admin_media
chicago14,
Эрежелер менен жакшылап таанышып келиңиз! 1 күн банга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо