Темир Назаров "Өнүксүн өлкөм"
03:44
3,43 Мб
Жүктөлгөн: 12-11-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.91/5
(11 добуш)
Баратып жолдо, батабыз ойго:
“Өлкөбүз кантип өнүгөт?”
Чаң баспай төрдө, чапсак деп өргө,
Санаабыз санга бөлүнөт.
Эгемен болуп, сыймыкка толуп,
Жашаган жокпуз бекерге.
Жалының кошкун, салымың кошкун,
Зарылып турган мекенге.

Кайырма:
Өнүгө бер, өркүндөй бер мекеним!
Мен дебей, эл деп, төгөлү бермет,
Бейпилдикте өнүгүп мекен,
Берекебиз байлансын бекем!

Ар канча улут, алтындай уюп,
Айжаркын болсун келечек.
Таптайлы күчтү, баштайлы ишти,
Аракет кылсаң - берекет.
Биримдүү болсок, билимдүү болсок,
Жетебиз аруу тилекке.
Өзгөчө көркөм, өнүксүн өлкөм,
Кыргызстан жашап жүрөктө!

Кайырма:

Комментарийлер (11)

12.11.2014. 13:54
 Bazake
jakshy
12.11.2014. 15:11
 mega.argen
Эркекче ыр болуптур
12.11.2014. 16:11
 wustraya
Алга КЫРГЫЗСТАНЫМ ,алга Темир
12.11.2014. 21:57
 Asel_Mika
Абдан сонун! Дагы бир Темирдин атагын чыгарган ыр болуптур. Азамат!
13.11.2014. 00:10
 dastan_nookat
Патиротук ыр экен мага аябай жакты олком ар-дайым онуго берсин.Алга Темир Назаров!!!!!
14.11.2014. 05:13
 bekishova
Аябай сонун ыр!!!!
14.11.2014. 16:50
 Kairatmyn
Азаматсын брат
14.11.2014. 22:23
 Asel_Mika
Темирдин бул ырын гимн кылса да жарашат ээ замандаштар.
17.11.2014. 13:40
 alai81
Сонун
19.10.2015. 17:47
 dastan_nookat
Маани терен
27.05.2016. 14:30
 almaz88
Jakshy yr eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо