Алтынай Нарбаева "Атакем"
03:46
8,61 Мб
Жүктөлгөн: 12-12-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(4 добуш)
Тизилсем кайрат күүлөтүп,
Теминсем алга сүрөөдүң,
Кызым деп согот ар дайым,
Ууздай таза жүрөгүң.

Атакем ачык асманым,
Каректей мени аярым,
Чындыкты туудай туу туткан,
Чыккан күн, сүргөн ак таңым.

Төбөмдө жанган жылдызым,
Төрүмдө толгон ырысым.
Өмүрдө жайган ак өргөм,
Өзүңсүз кантип жылысын.

Атакем ачык асманым,
Тумардай мени сактарым.
Чындыкты туудай туу туткан,
Чыккан күн сүргөн ак таңым.

Алыска серпил кулачым,
Ак сарай, кутум, кубатым
Мээримиң төгүп мен үчүн,
Мекеним болуп турасың.

Атакем ачык асманым,
Унутпайм берген батасын.
Чындыкты туудай туу туткан,
Чыккан күн сүргөн ак таңым.
Атакем бүтпөс дастаным.

Комментарийлер (9)

12.12.2014. 18:10
 papanstan
Текстин жазып койгулачы?
12.12.2014. 19:06
 Nuri-Alina
Онорунуз оркундой берсин Алтынай эже
12.12.2014. 19:49
 edu.kg
Унунуз аябай сонун эжэ бар болунуз!!!
13.12.2014. 16:42
 jfj
Керемет уну
14.12.2014. 21:15
 suiuktuujar
атакемди сагындым
15.12.2014. 17:08
 Lazat
текстин жазып койсоңуздар сураныч
18.12.2014. 15:54
 amanatym
мен да атакемди абдан сагындым. Жанымдан артык короорум
21.05.2015. 19:41
 ekunya
Урматту админ бек борбиевтин ырларын кайдан тапса болот
22.05.2015 10:58
admin_media
ekunya, саламатсызбы! Аткаруучунун өзүнүн суранычы менен порталдан ырлары алынган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо