Иса Өмүркулов "Насыят"
03:26
3,14 Мб
Жүктөлгөн: 26-05-2010
Сөзү:Барпы Алыкуловдуку
Обону:Барпы Алыкуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти,
Төбөсүнө көтөрүп,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөн жүргөндө жигитти,
Жөн жүрбөйт го мобул деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.

Аскар тоонун этеги,
Барып, барып чат болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ак иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак?
Аргымакты жаман деп,
Буудан кайдан табылмак?

Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаатташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрү,
Жардам берип жаныңда,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо.
Тамашалап кеп айтып,
Табалаган дос эмес.

Ата-энеңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Карысы бар баланын,
Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман.
Өзөк өрттөп, куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.

Көптү көргөн аксакал,
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга,
Дары болот, билип жүр.
Керкейгенге керкейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес.
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.

Алган жарың Айпери,
Айдын кызы болсо да,
Ажаандашып кыйкырып.
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан-тойдон калган соң,
Күлүктүгүң не пайда?

Комментарийлер (14)

29.05.2010. 14:48
 mik
Ырдын оригиналы эле жакшы болчу. Андан коро жаны ыр жаратып ырдабайбы!!!
29.05.2010. 15:07
 areneV
aiabay jakty bul yr!! u nego golos takoi priyatnyi, na dushe srazu stanovitsa teplo i spokoino ot etoy pesni. A sozu Toktoguldun nasyattarynanby?
02.06.2010. 02:14
 aziattita
смысль хороший можно пару раз прокрутить
02.06.2010. 13:35
 bekjangold
Эски ырлардын баркын кетирбей эле койсо болмок! Начар
02.06.2010. 17:43
 bakytmirza
Бул ыр негизи, орусча айтканда "бодрый" ырдала турган ыр болчу, тамак жебеген баладай ырдап коюпту. Ушу жаны ырчылар, колунардан келбесе эски ырларды жайына эле койгулачы
04.06.2010. 13:07
 Toktosun
болбойт ээээ Жон эле журбойбу дейм да
05.06.2010. 15:56
 baha
акцент-акцент жана акцент
туган эмес - тууган
11.06.2010. 13:09
 AyPeKa
эффект кошпой ырдаса жакшы болмок
24.06.2010. 17:07
 Aslana
Жакшы ырдалган. Иса болгону 15 гана жашта. Келечеги алдыда.
30.06.2010. 09:55
 Саулешка
озунчо эле неженкий го )))))
08.11.2010. 06:21
 Arstan
Бир аз тез анан шок музыка менен ырдаса болмок,жайыраак болуп ыр анча болбой калыптыр.
30.12.2010. 04:00
 Baizakk11
Комуз менен ырдаса аябай сонун болмок Ошентсе да маледес жакшы ырдаптыр
28.01.2011. 01:24
 senior
Унун бирааз болсо да жоон болуптур, Азаматсын иним!
29.10.2011. 21:23
 mafioznik89
1111
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо