Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Неля, Урмат Усенов "Кыз-жигит"
03:59
3,65 Мб
Жүктөлгөн: 06-02-2015

"Кекеч" тасмасынын саундтреги
Жанр: Поп
Сөзү:Эсенгул Ибраевдики
Обону:Эрнест Абдыжапаровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(11 добуш)
Сагынычым саамал болуп көбүрөт,
Санаам санга, оюм онго бөлүнөт.
Сезимдерим сен тарапка агылып,
Мен өзүңсүз жашай албайм көрүнөт.

Ой, карындаш көктү карап менсинбе,
Жолдуу кызга мендей күйөө берсин де.
Намыстарга байлыгыңды мындай кой,
Баары, баары болот сенин энчиңде.

Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей

Мага тааныш көп жигиттин жомогу,
Баары, баары мен күткөндөй болобу?
Аны кийин көрөсүң да карындаш,
А дегенде, макул болчу оболу.

Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей

Кой, кой жигит мен түшүндүм оюңа,
Торой басып, тоскоол болбо жолума.
А дегенде макул бол деп, а кийин,
Сазайымды бердиң баары колума.

Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей

Эми бизде мына кызык тамаша,
Жөндүү сөзгө таарынасың балача.
Сен күткөндөй болот баары дегеним,
Акыл-эсиң, мамилеңе жараша.

Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей

Сагынычым саамал болуп көбүрөт,
Санаам санга, оюм онго бөлүнөт.
Сезимдерим сен тарапка агылып,
Сенсиз жашай албайм...

Ой-ой-ой-ой
На-на-на-рей

Комментарийлер (4)

06.02.2015. 15:13
 dastan_nookat
"Рахмат! Чон сиздерге бул ыр мага жакты аябай сонун экен"Модератор dastan_nookat түзөттү 2015-02-06 15:18:05
08.02.2015. 08:51
 Aruzat
Жакшы экен!!! Ийгилик сиздерге жубайлар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо