Алтынай Нарбаева "Жарты кайык"
04:29
4,11 Мб
Жүктөлгөн: 26-02-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Зайырбек Ажыматовдуку
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.73/5
(15 добуш)
Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың
Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың
Дардаңдап боз жар күттүм деген менен
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым
Ар дайым мээрим издеп карайладым
Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Комментарийлер (19)

06.03.2015. 00:46
 nurjamal_94
Мына муну ыр десе болот! Ишинизге ийгилик.
10.03.2015. 13:20
 biikech0
Канчалык кайталап уккандан тажабадым. Супер Инфо сураныч текстин кошо киргизип койгулачы. Алдын ала рахмат!
10.03.2015. 16:32
 admin_media
biikech0,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Эскертүү!
13.03.2015. 00:29
 Lazat
Алтынай Нарбаева да, Самара сабирова да бул ырды эң жакшы аткарышкан. Эжелериме чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
06.04.2015. 02:06
 aytushka
Апамдын ушул ырды берилип укканын коруп журогум сызып ооруп, ыйлап алдым жашынып… Соз менен айтып бералгыс арман, мунун ошондо сездим. Апам эч нерсесин билгизбептир корсо…… Алтынай эже, рахмат сизге!
06.04.2015. 09:26
 Asel-91
Сөзүнө обону, аткаруучунун үнү төп келген жакшы чыгарма болуптур. Акынга, обончуга жана ырчыга бали!
19.04.2015. 01:01
 Akmary
Алтынай Нарбаева менен Орозбек (фамилиясын билбейт экенмин) деген опера ырчысынын "Сиз мага ушунчалык жагасыз да" деген ырын жуктонуздорчу. Рахмат алдын ала.
19.04.2015. 01:03
 Akmary
Негизи эле опера ырчыларынын да чыгармаларын жуктонуздорчу.
22.04.2015. 12:08
 Sanu
Аябай сонун.... Соз жок
20.05.2015. 11:56
 nasikat.turarovna
создору сонун экен озумун акем жазыптыр азаматсыз Зайыр аке калеминис курчуй берсин аман болунус
30.05.2015. 11:32
 ryskul94
Эн мыкты ыр. Зайырбек байке да, Тумонбай байке да, Алтынай эже да азамат.
08.06.2015. 10:05
 admin_media
flovers,
Саламатсызбы!
Бизде колдонуучунун 15 мүнөт ичинде 10 файл көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар (видео же аудио болсо да). Эгерде 10дон ашып кетсе, "Медиа-порталдын" негизги бетине ыргытып салат. Бир аз убакыт өткөрүп, анан көчүрсөңүз болот.
08.09.2015. 10:45
 ajaraka
Алтынай эже журогумду толкутуп, томсортуп, кубантып, нурлантып, айтоор жан дуйномду антар тентер кылып ырдайсыз, чын журогум менен эзилип эзилип суйуп суйуп угам, ар дайым менин жана мага окшоп сиздин ырларынызды суйуп уккандардын бешенесине бар болунузчу. Коп коп ырларды чыгарынызчы.
20.09.2015. 11:27
 chika-chika88
Угуп алып бир буулуккан мунум чыккансыды. Айта албаган сезимдерди ырдаптыр. Аябай жакты)))))))
24.10.2015. 23:20
 kalen9001
Зор ырго зор
17.11.2016. 10:45
 Eliza-2014
Менин жашоомдогу болуп жаткан создор айтылыптыр эч бир адам жарты болбойлучу
30.04.2020. 13:31
 Usow
Сонун ыр молодец эжеке
09.08.2020. 10:33
 mirbek2211
Укмуш ыр,Зайырбек Ажыматов бүгүнкүнүн Алыкулу эле, Түмөнбайдан дагы жакшы обондорду күтөбүз, Алтынай Нарбаева ырды ийнине жеткире ырдайт,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо