Түмөнбай Колдошов "Жарты кайык"
03:40
4,2 Мб
Жүктөлгөн: 23-03-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Зайырбек Ажыматовдуку
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(6 добуш)
Оо турмуш, мыйзамыңа каныктырдың,
Жолумду жабык кылдың, жарык кылдың.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын.

Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн,
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм.
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп,
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.

Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Аттиң ай, көңүлдү эзет жан арманым,
Ар дайым мээрим издеп карайладым.
Күнүнө күмүш таптып, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулукту таба албадым.

Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Карытып пайдасы жок ай, жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда боппоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы…

Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Комментарийлер (11)

23.03.2015. 22:02
 Eraly___
Урматтуу админ.элдик аудиого кантип ыр жуктосо болот. Жол жоболорун айтып койгулачы
24.03.2015 09:45
admin_media
Eraly___,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007 ушул шилтеме менен кирип жүктөө жолун билип алсаңыз болот.
24.03.2015. 00:20
 bratanyn
Кок Таштан чыккан Ырысбай кубулжуй берсин добушун.Дагы коооп жаны жаны ырларды кутобуз.
24.03.2015. 18:08
 dastan_nookat
Унунузго береке!!
24.03.2015. 18:53
 Adi020896
Саламатсызбы урматтуу админ. "Сагындынбы мен да сагындым... Жалгыз аяк жолдо калганмын..."деген саптары бар ушул автордун ырын таппай жатам. Жардам берсениз отто ыраазы болоор элем.
25.03.2015 12:21
dastan_nookat
Adi020896, Тумонбай Колдошов-''Элегия'' деген ыр тизмекте турат ко!!
31.03.2015. 18:53
 Zarema94
Супер, Т.КОЛДОШОВдон интервью алыныздарчы!
17.04.2015. 14:08
 Floweryface
Уккан сайын уккун келет Тумонбайдын ырларын, унуно береке
08.05.2015. 16:56
 ryskul94
Сонун ыр!!!
22.05.2015. 22:50
 jypar.i
Кандай жакшы ырлар, анан да ырдын сөзү да кошо жүктөлгөнү сонун экен. Дайыма ушинтип жүктөп турушса...
28.07.2015. 18:45
 Maksat81
Тагдырды ушул ырдан корсон болот экен. Созун жазган Зайырбек Ажыматовго да алкыш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо