Айпери Кубик кызы "Балама"
04:08
3,79 Мб
Жүктөлгөн: 14-04-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Б.Чотурованыкы
Обону:Кубик Калыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.15/5
(20 добуш)
Булт этет неге, бул кызык деле,
Бул эмне десем, буттарың беле?
Эркелеп деле, элесиң көрө,
Жылмаям жыргап, жыттагым келе.

Балам, балам, балам эркетай,
Бакытыма сени берсечи, ай,
Бул жарыкка аман көз жарып келсең, ай.
Балам, балам, балам эркетай,
Бакытыма сени берсечи, ай,
Бул жарыкка аман көз жарып келсең, ай.

Туйлаган кезең, толкундап кетем,
Бул эмне десем, колдоруң бекен?
Төрөдөй көсөм, төрөлсөң экен,
Ак бешик күтөт, апакай бөпөм.

Сүйүнчүлөр турса айтылып,
Сүйүнүчкө көңүл артылып.
Бакыт тилеп сага, жүрөгүм тартылып.
Сүйүнчүлөр турса айтылып,
Сүйүнучкө көңүл артылып.
Бакты тилеп сага, жүрөгүм тартылып.

Жылуу койнумда, жытың сонун да,
Чачыла чачсам, жентек тоюңда.
Торолсоң анан, тойбой оюнга,
Жетелеп жүрсөм деймин оюмда.

Кайырма:

Бала, бала, балам эркетай,
Бактыма сени берсечи, ай,
Бул жарыкка аман көз жарып келсең, ай.
Сүйүнчүлөр турса айтылып,
Сүйүнучкө көңүл артылып.
Бакты тилеп сага, жүрөгүм тартылып.

Комментарийлер (22)

14.04.2015. 19:56
 kanat4ik
Жакшы аткарылыптыр. Менимче Айпери бала жытын искегени турат го дейм.)
14.04.2015. 22:39
 Qnet
Сонун ыр экен!Аман эсен коз жарып ал!Дегеле Айпери ар дайым изденуу менен журот,ар кандай темада ырлар,кечке эле суйдум куйдум эмес. Азамат кыз,Нарулан баркына жетип,бактылуу болгула!
14.04.2015. 22:42
 beibika92
Аман бол
15.04.2015. 00:10
 jazy
Азаматсын Айпери сонун ыр экен уйбулолук бакыт Аман эсен коз жарып ал
15.04.2015. 10:24
 Zair_Alimov
jakshy yr boluptur!)
15.04.2015. 13:57
 bekmurat.
Куйого тийгенден кийин аябай чыгып жататко е барган жери жакшы окшойт тушунгон
17.04.2015. 01:42
 sama1212
Ушул кыз бааржок жагынан аябай жагатда. Аткарган рольдорун коруп эч тажабайм.
17.04.2015. 12:33
 Asanovna1805
Аябай жакты. Азаматсын Айпери,бактылуу бол. Супер!!!
17.04.2015. 22:27
 padysha
Azamatsyn chygarmachylynda alban-alban yigilikterdi kaalaim. Akyrky kezderde myndai sonun yrlar jok ese ele chon janylyk dep oiloim.
18.04.2015. 10:55
 Kuan
"Бакытымы сени берсечи ай"кандай жылуу создор,бул озгочо балалуу боло албай жургон айымдарга жагат болуш керек,создору атайын биз учун жазылгандай(((Баардык айымдарга бала жытын жытташына тилектешмин...
20.04.2015. 14:53
 gulanda01
Бугун эртен коз жарам буюрса мен да бакытымды кутуп жатам кудайдан тилеп.Эне болуу бакыты кандай сонун! жакшы ыр болуптур азамат АЙПЕРИ.
17.05.2015. 20:33
 salamatka
эн соонун ыр азаматсыз
31.05.2015. 13:57
 sumka
Bul yrdy ugup kudai buiurup men da ene boluu baktyna ee boluunu tilek kyldym.sonun yr eken. Azamatsyn Aiperi! !!
31.05.2015. 17:50
 guljigit.casper
Сонун ыр мага аябай жакты +5
09.06.2015. 22:11
 Aselya_9105
Эн сонун ыр. Бул ырдагыдай бакыт сезимин ар бир айымга АЛЛАХым насип этсин.
09.06.2015. 22:13
 Aselya_9105
Айпери, аман эсен коз жарып ал.
03.07.2015. 01:27
 Nara_zi
Азаматсыз Айпери! Сиздин талантынызды сыйлайм. Бактылуу болунуз!
15.10.2015. 16:54
 Chubak3922
Жакшы ырдаган азаматсыңар айпери
19.10.2015. 17:55
 dastan_nookat
Баланыздын омуру узун болсун сизге ден-соолук каалайм
21.03.2016. 18:19
 sultan.osh.rb
Саламатсызбы админ медия? Айпери Кубик кызынын Кайнене деген ырын жуктоп койосузбу же шилтеме берип койсонуз?
21.03.2016 18:31
admin_media
sultan.osh.rb,
Саламатсызбы! Суранычты бир эле жерге жазганыңыз жетиштүү. Сунуңузга рахмат, аракет кылабыз.
25.12.2017. 18:33
 Stal.muradilov
Сонун ыр экен азамат Айпери
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо