Түмөнбай Колдошов "Кайбереним"
03:53
6,67 Мб
Жүктөлгөн: 15-04-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Фатима Абдалованыкы
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(4 добуш)
Ак жайыкта ажайып жел согот бир,
Ак жайыкты айланат ак кайыңдар.
Кайыңдарга айланып алышканбы,
Сени ээрчитип кетишкен ак кайыптар?

Кайырма:
Кайда, кантип жүрөсүң, кайбереним?
Калың жылдар билинбей кайда экениң.
Түнөгүңдөн түнү издеп таппай жүрөм,
Аман болсоң эсиңде бар бекемин?

Көйнөгүмө сыр таштап кеткен элең,
Көңүлүмө көөнөрбөс мээр салып.
Көлөкөң да көрүнбөй, кеттиң менден,
Көңүлүмдү көк туман, санаа басып.

Кайырма:

Комментарийлер (1)

15.04.2015. 11:24
 dastan_nookat
"Куйормандарыныз Сизди ар дайым сыйлайбыз ырларыныз жан дуйнону эргитет ден-соолукта болунуз"
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо