Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Түмөнбай Колдошов "Бара алган жокмун"
03:34
8,13 Мб
Жүктөлгөн: 27-04-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Алым Токтомушевдики
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.86/5
(7 добуш)
Мен турган тушта - сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, бара алган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум, шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүл дүйнө ушундай жаралган досум,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Комментарийлер (5)

28.04.2015. 09:25
 Bors
Вау аябай сонун ыр экен бирок меники ачпайтат медленно загрузка болуп.
28.04.2015. 11:40
 NASIKA96
оо сонун ырго
28.04.2015. 11:41
 suiuktuujar
жакшы уккулуктуу ып болуптур.
13.05.2015. 17:12
 Ayka1994
Ыр да обону да жакшы чыгыптыр бирок музыкасын эстарда жанрына озгортсо жакшы чыкса керек эле акардиондун добушу чыйылдап кэээде кулакка жагымсыздай туйулот экен
01.07.2015. 14:22
 Altynbekk5
Супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо