Мирбек Иманбеков "Гүлүм, ай"
03:23
2,33 Мб
Жүктөлгөн: 29-04-2015

Бул ыр Ишен Назаров менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.45/5
(11 добуш)
Бүчүр байлап арзуулардын түрлөрү,
Кубат алат сезимимдин гүлдөрү.
Аткарылып мен самаган тилектер,
Уланса дейм махабаттын күндөрү.

Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.

Сенден угуп махабаттын дабышын,
Сен деп күйүп, таң булбулдай таңшыдым.
Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың,
Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын.

Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.

Комментарийлер (5)

29.04.2015. 17:44
 dastan_nookat
Эн сонун мыкты дуэт!!!
03.05.2015. 02:49
 Ayanaka
Жакшы экен
03.05.2015. 12:24
 suiuktuujar
Сонун жакшы ырдашыптыр.
07.05.2015. 22:20
 mister
Ишен назаровдун ырларынан жуктоп койгулачы урматтуу АДМИН
08.05.2015 11:08
admin_media
mister, саламатсызбы! Сиз сурап жаткан ырчы азырынча биздин порталдын тизмесинде жок, балким келечекте болуп калат. Колубузга тийип калса, жүктөп коюуга аракет кылабыз. Сунушуңузга рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо