Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Кубаныч Сатаев "Келбейлиби бир басып"
03:31
3,21 Мб
Жүктөлгөн: 18-06-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Исирадин Аманбаевдики
Обону:Исирадин Аманбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.86/5
(7 добуш)
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.

Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.

Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреген бак дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.

Кайырма:

Комментарийлер (5)

18.06.2015. 15:37
 Amantur.
Билбейм... чето эски стил учунбу мага негедир жаккан жок.
25.06.2015. 17:57
 aisalkyn27
Исрадин Аманбаевтин ырлары эң сонун. Жакшы ырдапсың. Дагы да ийгиликтер боло берсн!
25.06.2015. 18:42
 ma2as
Бир укканда эле жакты , жаны вариянта аябай жакшы чыгыптыр . Мурунураак укканда, студент кезимде ырдамак экенмин .
26.06.2015. 15:32
 Jeki
Исирадин агабыз менен сыймыктанабыз! Ал кыргыз элинин атактуу композитору, ырлары журоктон чыгып журокко жеткен. Сенин ырдаганын, аранжировкан баары мыкты болуптур. Пират дисктерден алып угуп калдым эле, абдан жакты, кундо машинадан угуп ырдайбыз:)Чыгармачылык илгерилей берсин баракелде!
29.08.2015. 18:47
 Bolo
Азамат. Чыныгы атанын уулу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо