Кенже Дүйшеева "Аллага кат"
03:20
3,05 Мб
Жүктөлгөн: 18-06-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Кенже Дүйшееваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(10 добуш)
Башка түшсө жалгыз тура ар адам,
Жакшы, жаман каптап өтүп арадан.
Кечеки эле адамдардын көбү жок,
Абалымды бир кайрылып сураган.

Кайырма:
Аллах, Аллахымдын сыноосуна макулмун,
Аллах, ак-караны ылгап алдым, тазардым.
Аллах, мезгил өтүп, оомат кайра келгенде,
Адамдардын ким экенин биле алдым.

Күтүүсүздөн, аска болдум ураган,
Чынар болдум көчкү тийип кулаган.
Сыр бөлүшкөн жакындарым көп эле,
Табылбады көңүлүмдү улаган.

Аллах, Аллахымдын сыноосуна макулмун,
Аллах, ак-караны ылгап алдым, тазардым.
Аллах, мезгил өтүп, оомат кайра келгенде,
Кимдин ким экенин биле алдым.

Тоо суусундай берекеси агылган,
Суусун элим чаңкаганда табылган.
Тамчы сууга зар болгондо көрүнбөйт,
Дос дегенде ооруп турат кабыргам.

Аллах, Аллахымдын сыноосуна макулмун,
Аллах, ак-караны ылгап алдым, тазардым.
Аллах, мезгил өтүп, оомат кайра келгенде,
Пенделердин, пенде экенин биле алдым.
Досторумдун ким экенин биле алдым.

Комментарийлер (6)

18.06.2015. 20:56
 jazgul80
Азаматсыз Кенже эже. унунузго соз жок. ишинизге ийгилик. уй булоолук бакыт сизге.
18.06.2015. 20:56
 jazgul80
эн сонун ыр созу да обону да. Азаматсыз. кайра кайра уктум.
19.06.2015. 05:18
 jazira_92
Ыр укмуш,талантыныз оркундой берсин
19.06.2015. 13:37
 zuura15
Керемет! Журоктон чыккан журоко жетет алга
19.06.2015. 19:58
 fit91
Соооунун ыр экен
07.08.2015. 00:12
 Erkatay1108
текисин жазып коюнуздарчы супер-инфо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо