Баястан, Бегиш "Ким жетсин?"
03:06
2,83 Мб
Жүктөлгөн: 23-10-2015
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(16 добуш)
Кыргыз жерге не жетсин?
Кыргыз элге ким жетсин?
Кыргызстанга ким жетсин?
Кыргыздарга ким жетсин?

Алга аттан, бол бат-баттан,
Маани бер көп нерсеге билгин
Душман, душмандан сактан.
Тазалыкты сакта, оор иштен качпа,
Татыктууну макта, бизди кудайым сакта.
Кыргыз өзүңдү сатпа, көр азабын тартпа,
Үйдө кечке жатпа, бил куранды жатка,
Өз элиңди атпа, кайрылбагын артка,
Келечекти баркта, оор, татаал убакта,
Берилбегин калпка,
Жакшы кепке кулак сал,
Өйдөдөн караба жашка,
Жардам аяба карыга,
Жарашсын ишиң алыңа.
Сүйгөн жумушуңду жаса,
Жаксын ал жаныңа.

Кайырма:
Кыргыз жерге не жетсин?
Таза суу, таза аба.
Кыргыз элге ким жетсин?
Ак көңүл адамдар.
Кыргызстанга ким жетсин?
Бул биздин мекен.
Кыргыздарга ким жетсин?
Элим бол бекем.

Өркүндөсүн мамлекет,
Жоголсун бүт балакет.
Кыймылдасын калкыбыз,
Жасап кыймыл аракет.
Кыргызым эч өчпөсүн,
Жаркырап жанып турсун.
Душман аттап өтпөсүн,
Багытын нары бурсун.
Досуна кыргыз жоош,
Душманга кыргыз жоо.
Айырма жок, Бишкек-Ош,
Бөлүнбө кыргыз бирге бол.
Түшүндүр, көтөрбө кол,
Сүйлөгөнгө бар бир ооз,
Тегерене курчап тоо,
Жерибиз бар абдан кооз.
Көп улутту батырган,
Шаарыбыз бар абдан кооз,
Ал Бишкек 312, ар дайым иште.
Билегибиз жоон, бирок
Жаман ой жок бизде.
Бул Кыргызстан 312
Кош, келгиле!

Комментарийлер (12)

29.10.2015. 23:44
 Bek94
Сонун чыгыптыр талантыңар өсө берсин ийгилик жигиттер..........
22.11.2015. 18:53
 zulunbekov
Бегиш эгер окуп калсан ["Калптын баары"(Баястан feat Casper) деген ырындын рекламасы журот.Ошол ырын толугу менен качан чыгат.Оор келбесе жооп жазып койсон.Ишине ийгилик.Модератор admin_media түзөттү 2015-12-03 14:58:35
29.11.2015. 22:17
 Anasteysha
Ырдын текстин жуктоп койгулачы
08.12.2015. 23:16
 Anya__t
Сонун болуптур! мааниси терен жаштарга ылайык!!! Ийгиликтер сиздерге))))))
08.12.2015. 23:31
 Anya__t
Эне тил тууралуу да ырын уктум радиодон Бегишпи Баястанбы же экоо ырдайбы билбейм таппай жатам мумкун болсо эмне деген ыр айтып коюнуздарчы... рахмат!
10.12.2015 12:45
admin_media
Anya__t,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
12.12.2015. 22:45
 dastan_nookat
Супер ыр экен Заманбап мырзалар
06.02.2016. 18:07
 rustamov.com
Бегиш зорсун! 5+ айрыкча кайырмасы абдан жакты .кыргыз жерге ким жетсин уууу дегени супер болуптур
06.02.2016. 18:11
 rustamov.com
Бегиш менин 8 жаштагы укам сенин баардык реп ырларыны угат видколорун корсон керек укам видеого сенин ырына ырдап жургон
24.02.2016. 18:20
 Bek94
Текстин да жазып койсоңор
07.06.2016. 19:23
 Elaman.alai
Тексин жазгыла
17.04.2018. 12:33
 Albert_082
Ушул ырдын минусу керек болуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо