Алтынай Нарбаева "Бир тууганым"
04:06
3,76 Мб
Жүктөлгөн: 11-11-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Алишер Тоотаевдики
Обону:Алишер Тоотаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(11 добуш)
Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп,
Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп.
Азыр кайда бир тууган, асылдарым,
Жүрөм баарың сагынып, куса болуп.

Кайырма:
Бир тууганым, таянар асылдарым,
Аска-зоодой бел болор жакындарым.
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм,
Амандыгың тилеймин баарыңардын.

Биз чоңоюп, балалык артта калып,
Ар кимибиз ар тарапка багыт алып.
Азыр ата-эне болуп калгансыңар,
Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып.

Кайырма:

Күндөр улам зымырап өтүп барат,
Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат.
Сезимимди кусалык ээлеп алып,
Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап.

Кайырма:
Амандыгың тилеймин кымбаттарым.

Комментарийлер (12)

11.11.2015. 16:07
 jazira_92
Жакшы ыр экен
11.11.2015. 17:04
 Ruskam7983
Чын эле жакшы ыр экен ар бирибиздин бир туугандарыбыз аман болсун бар болушсун!!!
11.11.2015. 21:06
 Kgstar96
Жакшы чыгарма ийгилик
12.11.2015. 01:39
 Mars55
Алтынай эже соонун ырдайт бирок созу обону озуно таандык кайсы ыры бар?
12.11.2015. 09:27
 soccer_boy95
Марс55,не Нарбаева обончу деп уктун беле же акын деп,обончу болсо Тумонбайдай болуп обон чыгарат еле
12.11.2015. 10:01
 altynbek_84kg
Алтынай эженин ыр тандоосу жакшы ийгилик
12.11.2015. 14:46
 admin_media
Arzuuda,
Саламатсызбы! Уюлдук телефонуңуздун өзүнүн браузери менен көчүрүп көрүңүз. Катачылыктар кайталанса, бизге купуя кат менен жазып койсоңуз, рахмат!
12.11.2015. 16:57
 Guljamal_2116
Жакшы ыр экен.
18.11.2015. 02:03
 AdiletFarida
Мыкты ырдайсыз эжекеси
08.12.2015. 13:14
 ere
чеверчилик менен аткарылган суппер
02.04.2016. 14:45
 asel96
Ыры сооонун экен.
09.04.2017. 18:29
 kenzhebek87
ушул ыр аябай жагатда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо