Гүлнара Калдарова "Бак тиледим кызыма"
03:36
3,29 Мб
Жүктөлгөн: 11-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Алишер Мамадалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(5 добуш)
Кечеги эле эрке кызым, секелек,
Бой жеткенин байкабай да, калыпмын.
Мезгил келип үйдөн канат какканда,
Ичим тыз деп туз сепкендей ачышты.

Кайырма:
Ак куу болуп түгөйүңду жандагын,
Ардактасын арзып алган ардагың.
Үйдүн куту аял болот билип жүр,
Бакыт кушун учурбастан кармагын.

Теңиң таап, турмуш жолго аттандың,
Кубансам да, жүрөк турду күйүгүп,
Көздөрүмдөн мончок-мончок жаш тамды,
Бакыт тилеп, ичтен турдум сүйүнүп.

Кайырма:

Сен аттанган, ак жолтойлуу босого,
Ыраазы бол садагасы ошого.
Тагдыр буйруп, бешенеңден тап кызым,
Жарың менен жанып турсун жылдызың.

Комментарийлер (14)

11.11.2015. 20:46
 Kgstar96
Суппер Гулнара эжеда быйыл хит ырларды жаратам деп аттанганго... Ссонун клипь кутом
11.11.2015. 21:04
 BubleGum
waw!waw! jana waw!!!
12.11.2015. 06:42
 Aichoy
Урматтуу Админ,силерден сураныч Замир Арыкбаевдин Молтурогон деген ырын жуктоп койунуздарчы суранамын! Ырахмат алдын ала!!!
12.11.2015 09:25
admin_media
Aichoy,
Саламатсызбы! Сиз сураган ыр порталда бар: Замир Арыкбаев "Мөлтүрөгөн" www.super.kg/media/audio/131291/
12.11.2015. 10:56
 buduz-80
Салам Супер кж. Турдакун деген баланын жаны ырын жуктоп койбойсуздар.
12.11.2015 13:31
marmilantka
buduz-80, кайсыл ырын?
12.11.2015. 13:49
 buduz-80
жаны чыккан "жубайыма" деген,ушундай болуш керек
12.11.2015 15:57
marmilantka
buduz-80, мен елдик аудиого жуктоп койом
12.11.2015 16:57
http
buduz-80, бул ыр давноле сайтта журот го даже клиби чыккан http://www.super.kg/media/useraudio/150837/
13.11.2015. 09:03
 buduz-80
Рахмат!!!
13.11.2015. 21:57
 dentistka
Урматтттттууууу супер инфооооо нурлан насиптин жааанннныыы ырын жуктогулочууууууу. Сабырым чыдабай баратат. Сураныыыыч
12.12.2015. 19:44
 baby
журоко жакын ыр болуптур. азаматсыз
17.07.2016. 20:57
 ilana
ыр сонун болуптур.эжеге ийгилик
07.08.2016. 00:22
 Myrza.
Эн мыкты чыгарма жаралыптыр. Акыркы убакта саны бар сапаты жок ырлар кобойуп кетти эле, а бул ыр маанилуу жана кулака жагымдуу. Гулнара эже сизге ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо