Алмаз Шаадаев "Карындаш"
03:09
2,88 Мб
Жүктөлгөн: 20-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Нурмат Садыровдуку
Обону:Алмаз Шаадаев, Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(9 добуш)
Бактылуу бол карындашым,
Барган жериң багыңды ачсын.
Баары сага суктанышып,
Жакшы келин болсун атың.
Апасынын канаттары,
Атасынын эркетайы,
Агасынын балапаны,
Биздин үйдүн кенжетайы.

Кайырма:
Карындаш, ак багыттын жолундасың,
Карындаш, ак тилектер орундалсын.
Табылбас, жүрөгүңөр толкундасын,
Жалын жаш агасынын балапаны.

Кош ак куудай канат кактың,
Кош жүрөктөр жалындасын.
Жүрөгүңөр биригишип,
Түбөлүктүү сүйүү тапсын.
Апасынын канаттары,
Атасынын эркетайы,
Агасынын балапаны,
Биздин үйдүн кенжетайы.

Кайырма:
Карындаш, ак багыттын жолундасың,
Карындаш, ак тилектер орундалсын.
Табылбас, жүрөгүңөр толкундасын,
Жалын жаш агасынын балапаны.

Комментарийлер (9)

20.11.2015. 19:21
 Ledi.040297
сонун ыр экен
20.11.2015. 22:46
 Bakyt.92
жакшы экен! сураныч сиздерден Нурлан Насиптин - карындаш деген жаны ырын жуктоп бериниздерчи???
23.11.2015 12:50
admin_media
Bakyt.92,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жүктөлөт. Сунушуңузга рахмат!
22.11.2015. 15:50
 aizbek
супер инфо текстин жуктоп койгулачы,рамат
23.11.2015. 09:21
 Nurik.180212
Болбойт. Капа болбо. Жакшы ырларды ырдачуу элен.бул менин жеке ойум
25.11.2015. 03:11
 Gulya21
Сонун ыр экен
25.11.2015. 15:12
 amanatym
бул бала концерт койгондо кандай ырдайт экен деген элем кече куну ырдап жатыптыр тв дан, кечирип койсун чын эле башка эле жумуш менен алек болсо жакшы болгудай ырчынын санын кобойтпой.
02.01.2016. 12:59
 madina586492
сооонун
23.04.2017. 14:03
 Erkele95
Эң соонун. Азаматсыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо