Ильяз Абдыразаков "Амансыңбы, сүйгөнүм?"
03:29
6,37 Мб
Жүктөлгөн: 30-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Клара Умаралиеваныкы
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(57 добуш)
Кеч болсо да кечир мени, таарынбагын,
Кезиктирбес тагдыр бизди, жаным дагы.
Эркелетип, карегиңе толбосом да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.
Кечир эми жалыныпмын таңым, багым,
Кечтеринде көз жаш төгүп сагынбагын.
Эркелетип эриниңден өппөсөм да,
Эстеп сени түбөлүккө жаныңдамын.

Кайырма:
Амансыңбы, сүйгөнүм?
Ачуу жашым, күйгөнүм.
Артылгандай бүт жүгү, дүйнөнүн.
Мейли сүйбө менчелик,
Түшүнөрсүң кез келип,
Бирге өткөн күндөрдү эскерип.

Ичте калсын арманым да , махабатым,
Издерибиз өткөн эми санаалашым.
Ыза, муңга толгон ошол биздин сүйүү
Ыраазымын бир өзүмү жазаласын.
Бакыт тапкан башка жүрөк эшигинен,
Бактысыздык далай сени эзди билем.
Акым дагы калбагандай сагынууга,
Айыбымды тан алганым кечтигинен.

Комментарийлер (63)

01.12.2015. 23:02
 Kgstar96
Оооу соонун чыгарыптырго
01.12.2015. 23:41
 Galia1990
Суппер
02.12.2015. 00:13
 orik
сонун ыр экен)))зынк !
02.12.2015. 00:18
 guljigit96
укмуш ыр го
02.12.2015. 01:52
 karakchyyy
Орто мурунку хит ырларына жетпейт такыр обону музыкасы начар болуп калыптыр тилеке каршы.
02.12.2015. 11:28
 adil150
жакты , ийгилик саган ,дагыда жаңы чыгармаларыңды күтѳбүз !
02.12.2015. 14:58
 admin_media
Khedira,
Саламатсызбы!
Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
02.12.2015. 15:45
 Imperator93
Эн жакшы
02.12.2015. 18:11
 Mariyana
админ медиа супер концерт болбойбу? жообун кутомун сураныч...алдын ала рахмат.
03.12.2015 10:11
admin_media
Mariyana,
Саламатсызбы! Концерт болордо кабарлайбыз.
02.12.2015. 18:30
 aksy.koi-tash
Жакшы ыр екен
02.12.2015. 19:16
 edu.kg.
Ийгилик!
03.12.2015. 09:38
 sezim96
Ырга соз жок,чынында сонун ыр экен. Журоко жеткире ырдаган ушунчалыкда, адамдарга озу эмне жагат эле биз болгону тан калтырганды билебиз, озубуз эч качан тан калбайбыз, деген соз чындаа
03.12.2015 16:07
Altysh_Boldush
sezim96,туура айтасын!!! мен кошулам..... чынында жакшы ырдаптыр.тажабай угамго кундо .коро албагандар жаза берет оюна келгенин....... клипинда чыгарса жакшы болмок
03.12.2015. 10:26
 admin_media
aizbek, striker,
Саламатсыздарбы!
Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile же башка браузерлер менен көчүрүп көрүңүздөр.
03.12.2015. 14:07
 aizada15
Жакшы ыр экен,мен шандуу ыр деп ойлопмун!
03.12.2015. 14:20
 Zair_Alimov
Bazar jok yrlardan boluptur! Molodets vy bratana!
03.12.2015. 20:09
 mirba93
Журоктон чыккан ыр журоко жетет дейт ыр эмес бекен игилик иляз менда жадабай кундо угуудамын
04.12.2015. 01:45
 Kulpunai95
Аялы кызганбадыбы экен угуп алып ))))
04.12.2015. 10:49
 Sayasatchy_bala
Ильяз Абдразаков бир кезде Нурлан Насиптен да популярдуу эле, уйлонгондон кийин эмнегедир чыгармачылыктан алыстап кетти.
04.12.2015. 18:51
 muradil22
иляьз ийгилик
14.12.2015. 03:41
 ArGeN4iK
Админ ырды кантип жуктосом болот???
14.12.2015 11:13
admin_media
ArGeN4iK,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007 ушул шилтеме менен кирип жүктөө жолун билип алсаңыз болот.
25.12.2015. 20:00
 KYRGYZJERI
мынча сонун ыр. журок эзилетко ия... Ильязга рахмат, унуно береке
07.01.2016. 05:05
 Ak_TiLeK
Ме нин оюмдагы ырго.аман болуш керек суйгонум
08.01.2016. 03:08
 shazi
Ырды ыйлап гана уга алат экенмин.
10.01.2016. 21:46
 Eraly-95
Тагдырым жазса канатын, талпынып учуп барайын, татына сулууну мен издеп барайын, Сырларын анын угайын, суйуунун гулун сунамын, суйуумду сезсе ал пери сырдашым кылайын, ушул ырды таап бергилечи сураныч админ
11.01.2016 12:38
admin_media
Eraly-95,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!Модератор admin_media түзөттү 2016-01-11 16:45:09
26.01.2016. 19:03
 elbina
Мен учун жазылғандай, ийгилик!!!
01.02.2016. 21:31
 pov13
Сонун
30.10.2016. 18:30
 Gulumm
Созу сонун жазылыптыр менин оюмдагы ыр болуптур
12.02.2017. 03:32
 arzygulR
Жакшы
01.08.2018. 12:54
 Kuban92000
Тарыхтан өчпөйт го бул ыр
31.05.2019. 14:55
 Tamara.99
Үнү өзгөчө Ильяз байкенин азырда угам ушул ырын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо