Асема "Кыргыз бийи"
03:24
4,67 Мб
Жүктөлгөн: 22-12-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Жыпара Исабаеваныкы
Обону:Асема, И.Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Отту кечип ойногон,
Оюнга, ишке тойбогон.
Оомал-төкмөл дүйнөнүн,
Оош-кыйышын оңдогон.

Ооргуп-баргып күч-кубат,
Ооруу-сыркоо болбогон.
Ошол кыргыз бий менен,
Ойдолоктоп ойгоном.

Кайырма:
Эриндери бүлкүлдөп,
Үкүлөрү үлпүлдөп.
Кыздар бийлейт ийиктей,
Ийиндери сүлкүлдөп.
Карек күйгөн биликтей,
Чарчаганды билишпей.
Бийге дене жибитпей,
Турган жигит жигитпи эй!

Шамал менен жарышкан,
Шам тилегин жагышкан.
Шаан-шөөкөттүү кыргыз эл,
Шаабайы аткан жарык таң.

Шарактаган келин-кыз,
Шайдоот жигит бери чык.
Шай оогончо бийлейли,
Шалкылдасын дене ысып.

Кайырма:

Бүткөн бойлор дүркүрөп,
Жигит сүрү күркүрөп.
Бийде кубат, күлкү көп,
Бийле турбай мүңкүрөп.

Бийле кары жаш дебей,
Бийле кубат аз дебей.
Бир келген бул өмүрдө,
Бийлеп турган жакшы эмей.

Комментарийлер (16)

22.12.2015. 22:42
 dosym
Клип тартып көрсөтүп койгулачы кандай бийлейт бул ырга
22.12.2015. 23:26
 zakukya
Создору жакшы эле гоо бирок обону окшошпой калыптыр, арасына ак терек кок теректин музыкасын кошуп салганбы, супсак болуп калыптыр тилекке каршы
22.12.2015. 23:29
 zakukya
Ой ак терек кок терек эмес, адырдагы беш ыргай деген ырдын музыкасы экен
23.12.2015. 07:40
 musapyr
Туугандар, негизиле кыйынсынар, өзгөчө жогоруда коммент калтырып аткандар))) Шу силер талантынарды текке келтирип жөн эле олтурасыңар бул жерде. Анан көрө искусство институтуна барып сабак берчүдөй экенсиңер. Элге да пайдаңар тиймек экен))) Балким, силердин жардамыңар менен кыргыз шоу дүйнөсү сандан сапатка өтүп калаар беле)))
23.12.2015 08:33
abdamitoff
musapyr, "бүткөн ишке сынчы көп" сындаган да киши болуш керек го), болбосо "кой үстүндө торгойду жумурткалатып ийбейбизби" биз кыргыздар. Негизи ыр жеке менин оюмду жакшы деңгээлде аткарылган. Обону, сөзү жана аткаруу чеберчилиги мыкты.

Азаматсың, Асема!
23.12.2015. 09:20
 bokonbaev
Kayirmasy soonun goo Эриндери бүлкүлдөп,
Үкүлөрү үлпүлдөп.
Кыздар бийлейт ийиктей,
Ийиндери сүлкүлдөп.
Eeritip iyet eken..
23.12.2015 09:38
karan_khan
bokonbaev,
Шарактаган келин-кыз,
Шайдоот жигит бери чык.
Шай оогончо бийлейли,
Шалкылдасын дене ысып.

Бүткөн бойлор дүркүрөп,
Жигит сүрү күркүрөп.
Бийде кубат, күлкү көп,
Бийле турбай мүңкүрөп.

ушул саптары өзгөчө жакты))) Орусча айтканда "вызов" ыргытышат экен да бир-бирине))
23.12.2015. 09:46
 amanatym
унун таптакыр жок, анандан коро кинолорго тартылчы кобуроок.
23.12.2015. 09:57
 dastan_nookat
Уну сонун
23.12.2015. 13:11
 Lubluwka
Людям дай повод только покритиковать, а за каждой песней какой труд стоит они даже не понимают. Это такой труд написать такую хорошую песню...Прекрасная песня в стиле патриотизма...Слова oчень глубокие и со смыслом..Асема молодец..Очень качественная работа.Люди не будьте такими негативно настроенными.От вас прям прет негативом. Попробуйте сами написать такую песню...
23.12.2015 13:34
karan_khan
Lubluwka, понятие "мотиваций" отсутствует у нас ))) нет бы поддержать, наоборот вниз тяяяяянем
Комментарийлерди жашыруу
23.12.2015 17:50
Lubluwka
karan_khan,1000000мульен классов...Как не печально мы кыргызы любим не поддерживать а топить друг друга
26.12.2015. 23:03
 Altynbek.aly
Ooo soonun yr eken ukkuluktuu klass
28.12.2015. 16:12
 aksy-beka
урматтуу супер "ильяз кудретов-туулган кун"деген ыр кошулганбы super.kgге,кайдан тапсам болот.
28.12.2015 16:18
admin_superstan
aksy-beka,
Шилтеме менен өтүңүз
http://www.super.kg/media/audio/143971/
05.01.2016. 14:16
 Nemo_0587
Аннельдин Табалбайсын деген ырын жуктоп койгулачы урматтуу Админ!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо