Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бегиш, Чолпонай "Чыгыш жомогу"
03:08
2,86 Мб
Жүктөлгөн: 24-12-2015

Бул ыр Амантай менен биргеликте аткарылган
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Сөзү:Бегиштики
Обону:Аман Бержибаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.63/5
(8 добуш)
Келчи досум чыгыш бий сен бийлегин,
Бирге бийлеп кайгыны сен билбегин.
Эгер тоскоол болсо нота тийбегин,
Бул чыгарма сууруп чыгат жыланды да ийиндеги.
Мейли чечилсин жылуу кийимдериң,
Ачык болсун кооз денең жана ийиндериң.
Кыймылдагын бат, калтырбастан издериң,
Учсун бийик ала кийим биздеги.

Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө,
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!

Жомок дүйнөсүнө биз менен чөмүл,
Бизде күлкү толо жана анын жок өлчөмү.
Шаңга бөлөйт бул майрамды ханыша,
Келгилечи бул жомокко көчөлү.
Балдар бийлеп айланат,
Кооз бизде айлана.
Аттап кирип босогону,
Көп кишилер байланат.
Мейли жарык өчөбү,
Таппай калып көчөнү.
Биздин үйгө кирип сен,
Көрүп кет өзгөчөлүү.

Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө.

Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун тар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.
Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун бар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.

Биздин эл ынтымакта, өмүрдүн балын татышат,
Эгерде сен маанайың жок жалгыз калсаң.
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!

Комментарийлер (12)

24.12.2015. 17:43
 Bekish_zbp
Текстин дагы жазып койсоңуздар жакшы болмок
25.12.2015. 01:54
 jigitaly
Oo sonun
25.12.2015. 09:35
 bekbulat
Мурун мага сен жон эле жакчусун сырларынды сыр сандыка катчусун айландырып алдын окшойт суйууго арнап журуп мамиленин таттусун. Дегенн ким ырдачы эле
25.12.2015 09:50
http
bekbulat,
Бегимай Карабаева ырдайт Сырдуу махабат болуш керек
http://www.super.kg/media/audio/363/
25.12.2015. 16:37
 sema.kgz
жакпады...воопще
26.12.2015. 16:54
 timurernesov
MC Doni & Kristina Si - Султан, деген ырына окшотуп ырдайын дешкен го.. Окшошпой калыптыр
26.01.2016. 13:40
 rustamov.com
Бегиш сен зорсун)) чолпонай репке кызыгуусу жанданганго дейм сага чынында еле жарашат екен реп айтыш)) кыскасы мага аябай жакты)) Бегиш Быкты азырааак кошсон зор болмок))) же ошонусу менен мага жагыт жатавы мумкун.
27.01.2016. 22:41
 rustamov.com
Минусу зор екен)) Чолпонай реп сага жарашат екен дагы чыгарышынды кутом
05.02.2016. 00:31
 locking
баягы эле плагиат, Mc Doni & K.Si
07.02.2016. 02:13
 ermek_90kg
Салатматсызбы урматту админ! Бир ырды таппай жатам, ошону таап бересиздерби, ырдын атын или ким ырдайт экенин билбей жатам ,ХХХ ХХХ биринчи куплети,алдын алай силерге рахмат
Модератор admin_media түзөттү 2016-02-08 12:36:20
08.02.2016 12:38
admin_media
ermek_90kg,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
13.10.2018. 10:38
 AlibaevO
Бегиш ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо