Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:13
2,97 Мб
Жүктөлгөн: 02-12-2008
Сөзү:Лариса Асанбекованыкы
Обону:Володя Печёновдуку
Көчүрүү
Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан,
Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан.
Сагындым жыпар айыл кечин,
Кызарып ысык күндүн баткан.
Чымчыктарым сулуу чырылдашкан,
Агарып таң чыгыш жактан.
Сагындым айыл аппак таңын,
Күн нурун жерге жылуу чачкан.
Кайырма:
Ташкыны дайралардын,
Күкүктүн сайраганы.
Кызгалдак талаа, түздө,
Кызарып жайнаганы.
Кар кетип, суулар ташып аккан,
Чөп чыгып, күн нурун чачкан.
Сагындым жашыл көктөм жазын,
Кызарып тоого күндүн баткан.
Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан,
Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан.
Сагындым жыпар айыл кечин,
Кызарып ысып күндүн баткан.
Комментарийлер (23)