Кенже Көбөкова  "Кечирип кой"
04:23
4,01 Мб
Жүктөлгөн: 06-01-2016
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.13/5
(8 добуш)
Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.

Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.

Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.

Кайырма:

Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.

Кайырма:

Комментарийлер (15)

13.01.2016. 21:07
 sapargul
Ыр деп, ырчы деп ушуну айт. Кенже эже Жалал Абаддагы сармерденде комуз менен ырдаган ошондон бери издейм бул ырды.
07.12.2017 18:48
Adiletia
Атына заты жарашкан мыкты айым, сонун ырдайт ден соолукта бол Кенже.

Уялбай эле тытып атырго шумдугун кургур бирөө байкап калса не болот деп ойлоп койбойбу
Adiletia түзөттү 2017-12-07 18:51:51
16.01.2016. 21:10
 Мэри
Сонун ыр, сонун аткаруу...
16.01.2016. 21:27
 Мэри
Текст, обон, аткаруу, үн - баары айкалышкан...
01.02.2016. 22:29
 Айнура Салахидинова
Кенже ушул ырынды ото жакшы кором. Доске сага чыгармачылык ийгилик! Азаматсын!
07.12.2017 18:51
Aznazalai
Айнура Салахидинова,Гуланда досунар видеого тартып блин бул ким деп суйлонгондун оордуна барып ошол кыздын аты жонун сурап койбойбу бир роз?
25.02.2016. 01:44
 sapargul
Кенже эже ырдын созуно,обонуна баарына кылдаттык менен мамиле жасайт. Эже сиздей инсандар бар экенине сыймыктансак аз экене окунобуз. Тилегенизге жетиниз кудай омур берсин.
14.06.2016. 15:16
 elina2014
Саламатсынарбы. Сени менен туболук болгум келет деп ким ырдайт?
14.06.2016 16:31
admin_media
elina2014,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз бардык ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз, ошол үчүн кээде таап бере албашыбыз мүмкүн. Ырдын атын же аткаруучусун жазып коюуну сунуштайбыз.
06.12.2017 17:20
Tyty1990
elina2014, кызык экенсин. Дагы жакшы ырдын ортосунда оооооо деген жери бар ырды таап бергиле дебепсин.Tyty1990 түзөттү 2017-12-06 17:21:09
Комментарийлерди жашыруу
07.12.2017 14:06
Uhtishka.
Tyty1990,)))....
16.02.2017. 02:24
 Astra12
Гүл кармап колдорума деген саптары бар ырдын аты кандай, ким ырдайт?
06.12.2017 19:04
maks94.kb
Astra12,Автандиль
13.12.2018. 01:32
 Gatsby
Жудаем
01.02.2021. 14:10
 ere
Жаш бала ырдагандан кийин кайра бул ыр папулярдуулукка чыгып калыптырго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо